Аксы окуясынын 15 жылдыгы 17-мартта белгиленди. Өлкө башчы Алмаз Атамбаев борбор аянттагы Аксы жана апрель окуясына арналып орнотулган эстеликке гулчамбар коюп, ал эми тарыхый окуя болгон жерге президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков жана өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков барып эскеришти. Бир катар тарыхчылар менен окумуштуулар кереге кеңеш өткөрүп, бүгүнкү күнгө чейин Аксы окуясына тарыхый, саясий баа берилбей, каза болгондордун күнөөлүүлөрү жазалана электигин айтышты. Мына ушул теманын тегерегинде Аксы окуясы учурунда камакка алынган депутат, мамлекеттик жана коомдук ишмер Азимбек Бекназаров менен маектештик.
– Аксы окуясынан бери туура 15 жыл өттү. Ал саясий анан юридикалык жактан өзүнүн баасын алдыбы?
Ооба алды. Анткени мамлекеттик, парламенттик жана коомдук саясий партиялар Акаев президент, Танаев премьер-министр болуп турган мамлекеттик бийлик күнөөлүү деген тыянак чыгарышкан. Мына ушундай корутундуну эл аралык комиссия да чыгарган.
– Мына ушул Аксы окуясы карапайым калк акыйкатсыздык менен келише албай турганын көрсөттү. Бул бийликке, элге сабак боло алдыбы?
– Негизги маселе мына ушунда, “Акаев курал-жараксыз пикетке чыккан элди, ээн талаада аттырып салганы башкаларга сабак болдубу?”- деген маселе Аксыда өткөн жыйында да коюлду. Мисалы, Бакиев өзүнө каршы чыккандарды, митингчилерди эмне кылганын баарыбыз билебиз. Ага кенен токтолуунун кереги жок. Ал эми азыркы бийлик деле аябай айрымаланган жок. Азыр тогуз адам президентти сындап коюп, УКМКнын СИЗОсунда жатат. Убагында мени камашканда, эл “Бекназаровду үй камагына чыгаргыла” деген талап менен чыгышкан. Азыр деле Текебаев жана башкалардын тарапташтары ошондой талап коюп жатышпайбы. Эгер коррупционерди колунан кармап алышса, башка кеп болмок. Анан толугу менен далилденбеген алты жыл мурунку ишти карманып, депутатты камап койгондору баарын көрсөтүп турат. Ошону менен азыркы президенттин маалымат жыйындарда, расмий жолугушуулардагы билдирүүлөрү эч кандай сабак албаганынан кабар берип турат.
–Ал эми элчи?
-Эл болсо туура сабак алды. Аксы окуясы эркиндик үчүн, акыйкаттык үчүн күрөшүүнүн башаты болду. Аны менен элибиз өз укугун коргоп, бийликке талаптарды коюу менен адилеттүүлүкө жетүүгө үйрөнүштү десем болот.
–Бул окуя унутулуп бараткандай. Кийинки муун өз тарыхына кызыкпай калдыбы же башка себептер барбы? Чындык унутулбашы үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатат же көрүлүшү керек?
-Биздин бийлик жылда 17-март күнү эскерүү уюштуруп, жабырлануучуларга, каза болгондордун жакындарына социалдык, материалдык жардам берет. Бирок, “ушул окуялардан сабак алалы” деген чоң көрсөтүүлөр жок. Биздин башкы каналдар эл ошол учурда эмнени талап кылган, аларды кандай атышкан, азыр абалдары кандай дегендерди көрсөтпөйт да. “Силер баатырсыңар, мыктысыңар” деген сөздөр менен гана жайгарып кетип калышат. Ошондуктан, жаштар билбейт. Бул окуя боюнча эки кандидаттык, бир докторлук жакталды. Бир жаш жигит атайын китеп жазган экен. Аны бүгүн элге таратты. Мен дагы “Аксы ыйы – улут кайгысы” деген китеп жазгам. Ал эми биздин илимпоздор, илимий конференцияларды өткөрүп, биздин тарыхыбызды тактоо үчүн бирдиктүү идеологиялык саясат жүргүзбөй жатат.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ