Бүгүн, 7-сентябрда Бишкектин Административдик соту “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын БШКнын үстүнөн жазган доо-арызын кароону 9-сентябрга саат 11:00гө жылдырды. Бул тууралу партиянын лидери Адахан Мадумаров соттон чыккандан кийин аны күтүп турган тарапкерлерине билдирди.
Анын айтымында, сот “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын БШКнын мүчөлөрү Атыр Абдрахматова менен Кайрат Осмоналиевди сотко күбө катары чакыруу өтүнүчүн эске алып, сот процессин кийинкиге, 9-сентябрга калтырган.
Эске сала кетсек, 3-сентябрда БШК 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесин съездден кийин оңдолгон деген шылтоо менен каттабай коюп, шайлоого катыштырбоо аракетин көрүп жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ