Menu

Киевде каршылык акциясына байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Бөлүшүү:

Шейшембиге караган түндөн тарта Киевдин борбору жабылып, транпорт кыймылына чектөөлөр киргизилип, “өкмөт кварталы” курчоого алынды. Мындай жол менен полиция 17-октябрга белгиленген массалык каршылык акцияларына даярдык көрдү.

Бул күнү Одесса облусунун экс-губернатору Михаил Саакашвили жана анын “Жаңы күчтөр кыймылы” партиясы депутаттык кол тийбестикти чектөө жана антикоррупциялык сотту түзүү боюнча саясий реформаларды колдоп каршылык акцияларын уюштурууну көздөгөн.

Украинанын Коопсуздук кызматы “айрым радикалдык маанайдагы түзүмдөр” акция учурунда чагым уюштурууга ниеттенишкенин билдирди. Бирок бул түзүмдөр тууралуу кеңири маалымат берген жок. Кийинчерээк Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Шкиряк бийлик жарандардын акцияга катышуусуна тоскоол болбой турганын белгиледи.

Учурда Жогорку Рада, президенттин администрациясы менен өкмөт имаратынын алдында полиция жана Улуттук гвардиянын 3500дөй аскери турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: