Menu

УКМК: Нарында УКМК кызматкеримин деп, блок-посттон өтүп кетүүнү каалаган жаран ЖАМКтын кызматкери экени аныкталды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-апрель күнү Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев онлайн-брифингде күн мурун өзүн УКМК кызматкеримин деп тааныштырып, блок-постто нөөмөттө тургандарды коркутуп-үркүтүп, блок-посттон өтүүнү каалаган 1991-жылы туулган Б. уулу Э. аттуу жаран кармалганын билдирген. 

УКМКнын басма сөз кызматы жогоруда аталган жаран улуттук коопсуздук органдарына эч кандай тиешеси жок экендигин билдирет.

“Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалган 1991-жылы туулган Б.уулу Э. КР Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкери экендиги жана улуттук коопсуздук органдарына эч кандай тиешеси жок экендиги аныкталды” – деп айтылат маалыматта.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: