Menu

Видео – Мамлекеттик матрезервдер фондундагы коррупция жана курттаган ун баяны (1-2-3-бөлүм)

Бөлүшүү:

1-бөлүм

Жаңы жетекчи 25ке жакын адамды иштен эч себепсиз айдаган

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду деген чоң мекеме бар экенин элибиз жакшы эле билет. Бул мекемеде жалпы жонунан 100дөн ашуун адам эмгектенет. Анын басымдуу бөлүгү Бишкектеги борбордук аппаратта иштейт. Аталган мекеме жыл сайын миллиондогон акчага: ун, кумшекер, суу май, жер семирткич ж.б. азык-түлүктөрдү атайы тендер же келишимдер аркылуу дүңүнөн сатып алып, аны кайра мамлекеттик мекемелерге жана базарларга да сатып, пайда көрүп, өз бюджетин уламдан-улам көбөйтүп турат. Көпчүлүк жакшы билет, Мамлекеттик матрезервдер фонду башынан эле коррупцияга белчесинен баткан. Неге дегенде, бул мекемеге жетекчи болуп келгендердин көбү жеке кызыкчылыктардан арыла албай, миллиондогон сомдорду сол чөнтөккө солоп жиберишип, кылмыш козголуп, кызматынан айдалышкан. Бирок, ушунча болуп түрмөнүн түбүндө узак убакытка “эс алгандар” боло элек. Себеби, милиция, прокуратура, сот менен жең ичинен сүйлөшүп алышат. Аталган фонддун азыркы жетекчиси Жумабеков Жоомартбек Кожомуратович да мына ошондой жетекчилердин катарында десек болчудай.  Бул ой жүгүртүүбүзгө жетиштүү мисалдар бар. Бул адам фондго төрага болуп өткөн жылдын октябрь айында дайындалыптыр. Белгилүү болгондой, андан мурунку жетекчи Абдылдаев Шералы Итибаевич “Ата Мекен” менен парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматтан кеткен.

Фондду 1 жылдан бери жетектеп жаткан Жумабеков Жоомарттын мамлекеттик кызматта тажрыйбасы жок. Мурун ал ар кандай жеке долбоорлор менен иштеп жүргөн экен. Анан ушундай деңгээли ченелүү адам май талкандуу фондго төрага болуп келгени, “ат көрбөгөн минип өлтүрөт” деген ыкма менен иштеп жатыптыр. Азыр Мамлекеттик резервдер фондунда жетекчинин жеке кызыкчылыгынын айынан: эмгек жамаат экиге бөлүнүп, коррупция жана жумуштан куугунтуктоо күчөп, өзүнчө эле интриганын очогуна айланыптыр.

Жумабеков жетекчи болгондон бери ушул күнгө чейин жалпысынан тажрыйбалуу делген 25ке жакын адамды иштен эч себепсиз айдап, алардын ордуна иштин көзүн билишпеген өз тууган-досторун, классташтарын ишке орноштуруп, кадр маселесин чакчалекейин чыгарып, бул маселеде эч кимдин сөзүн укпай, өз билгенин кылып, өтүгүн төргө илип жатат дешет.  Жыйынтыгында фонддун эски жамааты эң  ириде коюлган тапшырмаларды аткаруунун ордуна, кызматтык ордуларын сактап калуу маселеси менен алек болуп калышыптыр.  Жумабеков өзүнүн иштөө ыкмасы менен макул болбогондорду жумуштан бошотом деп дайыма коркутат экен. Кыскасы, ал азыр фонддун жамаатын “өз” жана “жат” деп экиге бөлүп коюптур. Жаза берсек, Жумабековдун өзүм билемдик кадрдык алешемдиктери тууралуу сөз узак. Андыктан бул маселеге кайрадан кайрылмакчыбыз.

 10 миллион сомдун орду жокпу?

 Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна «Талас Дан Азык»  ачык акционердик коомуна (жооптуу сактоочу) кумшекер үчүн 9 800,00 миӊ сом суммадагы дебитордук карыз болуптур. Бул маселе боюнча Ички иштер министрлигинин 5-башкармалыгы тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн жана сатылган кумшекер үчүн мамлекеттик акча каражаты кайтарылбагандыгы фактысы боюнча кылмыш ишин козгоо тууралуу материалдар даярдалган. Бирок, фонддун төрагасы Жоомарт Жумабеков өз кызыкчылыгын көздөп, финансылык бюджеттик тартипти бузуу менен жооптуу сактоочу менен сүйлөшүп, акча каражаттарын алдын ала 3-4-жылга келечектеги данды сактоо үчүн төлөө катары өз ара чегерүү жүргүзүп коюптур. Жыйынтыгында ал мындай аракети менен бул 10 миллион сомго жакын акчаны  фонддун жүгүртүүсүнөн чыгаргандыгы айтылат. Башкача айтканда, жооптуу сактоочуга насыя берген. Муну кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу деп айтсак туура болчудай.

Мындан тышкары, 2015-жылдын ноябрь айында Жумабеков кызматтык абалынан кыянаттык пайдалануу менен, фонддун мамлекеттик акча каражаттарын колдонуу менен өзүнө кызматтык командировка дайындап жеке иштери боюнча Москва шаарына барып келгендиги боюнча да маалыматтар бар.

Кампадан сатылып жаткан дагы 70 тонна курттаган ун бар

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун ишин жакшы билгендер  Казакстандан келген гуманитардык жардам катары келген өсүмдүк майы жана ун кайда жана кандай жол менен сатылганы Жоомарт Жумабековдун ишенимдүү адамдарынан башка эч кимге белгисиз. Бул маалымат эмне үчүн жашыруун болуп жатканы көпчүлүктүн, аталган мекемеде иштеген бир топ кызматкерлердин да шегин жаратпай койбойт. Неге дегенде Жумабековго чейинки жетекчилердин тушунда мындай “секреттер” орун алчу эмес экен. Балким, бул жерде да жең ичинен ишке ашкан миллиондогон акча жемей маселеси жаткандыр, былгып…

https://www.youtube.com/watch?v=N867mc39a1s

Жумабеков Жоомарт жогоруда айткандай, кадр маселеси менен алектенип жаткан кезде, кампада сакталып жаткан жогорку сорттогу  унду сактоо мөөнөтү өтүп кетиптир, ошондуктан Монополияга каршы мамлекеттик агенттиги анын баасын ушуга окшош жогорку сорттогу ун базарларда 28-30 сомдон сатылып жатканда 1 килограммын 15 сомго төмөндөтүптүр. Мөөнөтү өткөн унду Борбордук базанын жумушчулары «Дан» Мамлекеттик ишканасынын логотиби менен башка каптарга салышып 1-сорттогу ун катары Борбордук база аркылуу сатышыптыр. Белгилеп кетүү керек, бул унду сатып алган нан бышыруучулар Фондго келишип бышырылган нандан зыянкечтери табылганын айтып, катуу нааразы болгон учурлары бир нече ирет болуптур. Мындан тышкары, Жумабеков адистердин айтканына кулак салбай, өз мөөнөтүнөн мурун кампадагы унду атайы Кара-Балта  шаарындагы  өздөрүнө  караштуу тегирменге тарттырып салат. Себеби, ошол кезде Кыргызстанды Казакстандан келген ун каптап турган. Алар бул жагын эске алышкан эмес, Айтор, натыйжада 300 тонна унду ташытып келип, эч кандай сатыкка да чыгарбай, фонддун Бишкектеги Лев Толстой-Тимур-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги (“Кока-коланын” кампасынын жанында) кампага сактатып коёт. Мунусу баа көтөрүлсө, көбүрөөк пайда көрөйүн дегени окшобойбу. Бул 300 тонна ундан тышкары дагы гуманитардык жардамга келген 200 тонна ун болгон. Жалпысынан 500 тоннаны чапчыйт. Мандемдүү маселе мына ушул жерден орун алган экен. Себеби, кампага унду сактаардан мурун эреже боюнча кампанын ичин толугу менен атайы химикалык каражат менен жакшылап (дезинфекциялап) тазалап, жуушу (үч айда бир) зарыл эле. Бул ишке деле көп каражат кетпейт экен.  Бирок, Жумабеков бул ишти кылдырган эмес. Натыйжада 6 ай өткөн соң, жыйылган ундардын ичинде личинкалар пайда болуп, анан кадимкидей эле курттар жаралган.

Азыркы учурда Мамматрезервдер Фондунун Борбордук базасынын аймагында жумушчулар курттар пайда болгон чириген унду элешип башка жаӊы каптарга салышууда жана бюджеттик уюмдарга, так айтканда: Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына, Карылар үйүнө, нан бышырган жайларга, ошондой эле башка коммерциялык уюмдарга сатууга аракеттенишкен. Бирок, бул уюмдар ундун чиригенин билишкенден кийин, бузулган унду кайтарып беришкен. Кайтарып бергендердин арасында нан бышырган жайлар жана элге белгилүү “Риха” аттуу колбаса чыгарган заводу да бар экен. Буга чейин курттаган унду канча эл жеди болду экен? Бул ун базарларга чыкпайт деп ким кепилдик бере алат? Ар кандай жолдор менен чыгып кетиши толук мүмкүн. Буга карабастан, фонддун жетекчилиги бүгүнкү күндө курттап жаткан кампадагы 60-70 тонна унду элетип, дагы башка жактарга сатууга аракет кылып жатканын эшиттик.  Мындан башка дагы…

2-бөлүм

Гезитибиздин өткөн санында жарыяланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондундагы коррупция жана андагы курттаган ун тууралуу жарыяланган макалага окурмандар, деги эле жалпы эле коомчулук кайдыгер караган жок. Бир сөз менен айтканда, элге курттаган ун жедирген “желмогуздарды” сөгүп-сагып, каргап-шилешти. Бул фонддун ишмердүүлүгү жана курттаган ун тууралуу маалыматтар интернеттеги социалдык баракчаларда, бир катар сайттарда кызуу талкууга алынды. Андан тышкары: НБТ, Бишкек вести, “Сентябрь” телеканалдары биздин гезитке таянып, атайы жаңылыктардан чагылдырышты. Жогорку Кеңештин төртүнчү күнкү күн тартибиндеги “Ар кандай маселелерде” да “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Жыргал Турускулов гезитке чыккан курттаган ун тууралуу маселеге кайрылып, анда жазылган макаланын ток этер жерин, ЖКдагы өкмөттүн өкүлү Ашырбек мырзанын кулагына кумдай куйду. Мына ушунча аракеттерге карабастан өкмөт азырынча кебелбей, “эшектин этин жеп жүргөн элибиз курттаган ун деле жей берет, анын эмнеси бар, жетекчи Жоомарт Жумабеков биз үчүн ыңгайлуу фигура” деген позицияны карманып тургансыйт. Сооронбай Жээнбеков бул маселеге эмне үчүн көңүл бөлбөйт да, эмне үчүн чара көрбөйт? Же чын эле Жумабеков деген кургур эчак эле анын чөнтөгүн “ысытып” койду беле? Айтор, бул жагы азырынча эч түшүнүксүз. Кокус Жээнбековдун жеп жаткан нанынан, кесмесинен өлүү-тирүүсү билинбеген бадырайган курт чыгып, тилине жабышып калса эмне болмок?! Чындап эле Соке мырза ошондо гана бул маселеге көңүл бурат беле? Баса, Өкмөт аппаратынын тың жетекчиси Акылбек Осмоналиевдин 2016-жылдын 16-августундагы №150 буйругу менен фонддогу мындай баш аламандыктарды текшерүү үчүн жумушчу топ түзүлүп, текшерилгендиги маалым болду. Бирок, ал жумушчу топ деле талапка ылайык иштерди аткара албаптыр.

Дагы бир айта кетчү нерсе, “уруу тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” дегендей, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун “дүжүрлөрү”, тагыраак айтканда Жумабековдун “айдакчылары” маалымат жыйынын өткөрүшүп, ЖК депутаты Турускуловду калп айтты деп бет тырмарлык кылышты. Ал адамдар калпты канчалык айта берсе болот дей беришпей, ар-намысты, абийирди бир аз болсо да ойлошсо болмок экен. Же Жумабеков аларга айда алтын, күндө күмүш берип жатабы? Балким, ошол уялбай коомчулукка жалган маалыматты жар салып, Жумабековго төш тосуп жаткан адамдар курттаган ун жеп көнүп калышканбы?

 Курттаган унду тазалатып, изин жашырып жатышат…

Дагы бир белгилүү болгон жагдай мындай: Биздин гезитке Мамлекеттик матрезерв фондундагы курттаган ун чыккан соң, бул маалыматты текшерүү үчүн аталган мекемеге Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери ун сакталган кампага башка жолдор менен кирип, далил чогултуу аракетин көрүшкөн. Мындан тышкары, курттаган ун тууралуу маалымат гезитке чыккан күнү фонддун жетекчилиги шашылыш түрдө Жаш Гвардия – Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жумуш издеп, катар тизилип турган бир топ адамдарды фонддун кампасына алып барып, курттаган ундарды элетип, башка каптарга салдырып, бул былык иштин изин жашырууга абдан аракет көрүлгөнүн билгендер бизге айтышты.

Дагы бир жолу эске сала кетсек, фонддун кампасында жалпысынан 500 тонна ун болгон. Алар 1 жылдай сакталып турган. Ошол мезгилде эрежеге ылайык, ошончо ун сакталган кампа атайы химиялык каражат менен кеминде 4 ирет тазаланышы зарыл болчу. Андай иш жасалбаган соң, ун кадимкидей курттап баштаган. Ага карабастан фонд ал унду арзан баада (базарда 1 кг. 26-30 сом) кг. 15 сомдон мамлекеттик мекемелерге, тагыраагы: нан бышырган жайларга, карылар үйүнө, түрмөлөргө, колбаса  чыгарган “Риха” компаниясы баштаган бир катар коммерциялык уюмдарга бир топ көлөмдө сатып жиберишкен. Учурда кампада курттаган ундан дагы 60-70 тонна сакталып турат, алардын тазаланып жаткандыгын жогоруда айттык. Кампадагы унду сатуудан алынган акча каражаттары, төраганын жеке максаттары үчүн пайдаланылган, бул фактыны жабуу максатында, 5000 миӊ сомдон ашык акча каражат төрага жумушка кабыл алган жана жакын таанышы болуп эсептелген чарба башчы З.Саксаровго “подотчетко” жазылыптыр. Бул да кашкайган каржылык мыйзам бузуу экени көрүнүп турат.

Кандай болгон күндө да, адамдык абийир баарынан бийик турушу зарыл. Элдин кусуру, каргышы кимди да болсун алыс узатпайт. Бул кызмат Жумабековго атасынан калган мурас эмес, ал киши кызматта бүгүн бар, эртең жок. Эртең эле арам жол менен чогулган байлыгы бир заматта “калкып” чыгып, өзү жоопко тартылып калышы ажеп эмес. Эми гезиттин өткөн санында жазылбай калган фонддогу былыктар тууралуу кеп козгойлу.

Кадр ишиндеги калпыстыктар

Жумабековдун 7 ай ичинде 25тей адамды жүйөөсү жок кызматтан кетирип, алардын ордуна дос-туугандарын, классташтарын коюп жаткандыгы чындык. Маселен, №1 кампанын көп жылдан бери иштеп келген башчысын кетирип, анын ордуна Ачеков деген классташын койгон. Жетекчиге кеңешчи болуп келген адамды иштен айдап, анын ордуна Жолдошов деген досун дайындаса, анын энесин Сариеваны лаборатория башчысы кылып дайындаган. Жумабековдун сүймөнчүктөрү ээлеген кызматтарын эптей албай, толгон-токой кемчиликтерди кетирип жатышса да, жетекчи Жоомарт мырза аларга эч кандай чара көрбөйт экен. Тескерисинче, алардын айрымдарын талтаңдатып, фонддун “Ардак грамотасы” менен сыйлап жатыптыр.

Мындан тышкары, «Ак Толкун» пансионатынын ашканасынын 11 кишиден турган жумушчуларын эскертүүсүз КРнын “Эмгек кодексин” бузуу менен бошоткон, пансионаттын директору Б.Токчулуковду текшерүүлөр менен коркутуп кызматтан кетирүүгө мажбурлаган. Дагы бир дасыккан шеф-повар Э.Алмакунованын ордуна Мамматрезервдер фондунун ички аудит боюнча эксперти Ж. Сыдыгалиевдин жубайы дайындалган. Башка бошотулган жумушчу орундарга жетекчиликтин тараптары дайындалышкан. Жумабеков ушунча адамды кызматтан кетирүү жана алуу маселесин каратып туруп мыйзамды бузуу менен ишке ашырган. Эки-үч күн мурун Экономика боюнча тышкы бөлүмдүн начальниги Кубан Курмановду “2 саат жумушта болгон жоксуң” деген шылтоо менен кызматтан айдаганын уктук.

ИИМ менен ич ара сүйлөшүп алып, ишти жаптырганбы?

Фондго 2015-жылы апрель айында Казакстандан 80 тонна өсүмдүк майы гуманитардык жардам катары келген. Анын 20 тоннасы тиешелүү жерге ар кандай жолдор менен таратылып берилген экен. Калган 60 тоннасын сатып пайда көрүү аракеттери көрүлөт. Эми бул боюнча кыскача маалымат: Өсүмдүк майынын 1 литринин баасы 80 сом болгон учурда төрага Жумабеков бардык бөлүмдүн начальниктерине алардын иш милдети болбосо да базарга чыгып, майды сатуусун талап кылган. Андан кийин качан, Монополияга каршы мамлекеттик агенттигине кат жазып, майдын 1 литринин баасын 45 сомго чейин төмөндөткөнгө жетишкен. Бирок, өсүмдүк майынын көпчүлүк бөлүгү кандай жолдор менен сатылганын жетекчинин жакындарынан башка эч ким билбей калган. Чынында өсүмдүк майын сатуу иши коррупциялык элементтер менен коштолгон сындуу. Азыр өсүмдүк майынан фондго канча акча түшкөнү белгисиз.

Өсүмдүк майынан тышкары, быйыл май айында Өзбекстандан Кыргызстанга (түштүк аймагына) чейин ташып келинген 40 тоннага жакын жер семирткич тууралуу да түшүнбөстүктөр бар. Неге дегенде жер семирткичти ташып келүү боюнча  тендер жарыялашып, бирок анын жыйынтыгын күтпөй туруп, жер семирткичке жана аны Латвиялык компаниясы ташып келүүгө акчаны которуп жиберген. Бул жерде да жең ичинен пайда көрүү маселеси орун алган десек болчудай. Бул мыйзам бузуулар боюнча Ички иштер министрлигинин 5-башкармалыгы тарабынан иликтөө жүргүзүлгөн, бардык документтерди алып кеткен, бирок азыркы күнгө чейин бул текшерүүнүн жыйынтыгы белгисиз болуп турат. Себеби, Жумабеков ИИМдин жетекчилери менен жең ичинен сүйлөшүп, “жабылуу аякты” жабылуу  бойдон калтырган деген кеп бар. Айтор, бул маселени дагы да терең иликтөө керек.

3-бөлүм

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду деген чоң мекеме бар экенин элибиз жакшы эле билет. Бул мекемеде жалпы жонунан 100дөн ашуун адам эмгектенет. Анын басымдуу бөлүгү Бишкектеги борбордук аппаратта иштейт. Аталган мекеме жыл сайын миллиондогон акчага: ун, кумшекер, суу май, жер семирткич ж.б. азык-түлүктөрдү атайы тендер же келишимдер аркылуу дүңүнөн сатып алып, аны кайра мамлекеттик мекемелерге жана базарларга да сатып, пайда көрүп, өз бюджетин уламдан-улам көбөйтүп турат. Көпчүлүк жакшы билет, Мамлекеттик матрезервдер фонду башынан эле коррупцияга белчесинен баткан. Неге дегенде, бул мекемеге жетекчи болуп келгендердин көбү жеке кызыкчылыктардан арыла албай, миллиондогон сомдорду сол чөнтөккө солоп жиберишип, кылмыш козголуп, кызматынан айдалышкан. Бирок, ушунча болуп түрмөнүн түбүндө узак убакытка “эс алгандар” боло элек. Себеби, милиция, прокуратура, сот менен жең ичинен сүйлөшүп алышат. Аталган фонддун азыркы жетекчиси Жумабеков Жоомартбек Кожомуратович да мына ошондой жетекчилердин катарында десек болчудай.  Бул ой жүгүртүүбүзгө жетиштүү мисалдар бар. Бул адам фондго төрага болуп өткөн жылдын октябрь айында дайындалыптыр. Белгилүү болгондой, андан мурунку жетекчи Абдылдаев Шералы Итибаевич “Ата Мекен” менен парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматтан кеткен.

Фондду 1 жылдан бери жетектеп жаткан Жумабеков Жоомарттын мамлекеттик кызматта тажрыйбасы жок. Мурун ал ар кандай жеке долбоорлор менен иштеп жүргөн экен. Анан ушундай деңгээли ченелүү адам май талкандуу фондго төрага болуп келгени, “ат көрбөгөн минип өлтүрөт” деген ыкма менен иштеп жатыптыр. Азыр Мамлекеттик резервдер фондунда жетекчинин жеке кызыкчылыгынын айынан: эмгек жамаат экиге бөлүнүп, коррупция жана жумуштан куугунтуктоо күчөп, өзүнчө эле интриганын очогуна айланыптыр.

Жумабеков жетекчи болгондон бери ушул күнгө чейин жалпысынан тажрыйбалуу делген 25ке жакын адамды иштен эч себепсиз айдап, алардын ордуна иштин көзүн билишпеген өз тууган-досторун, классташтарын ишке орноштуруп, кадр маселесин чакчалекейин чыгарып, бул маселеде эч кимдин сөзүн укпай, өз билгенин кылып, өтүгүн төргө илип жатат дешет.  Жыйынтыгында фонддун эски жамааты эң  ириде коюлган тапшырмаларды аткаруунун ордуна, кызматтык ордуларын сактап калуу маселеси менен алек болуп калышыптыр.  Жумабеков өзүнүн иштөө ыкмасы менен макул болбогондорду жумуштан бошотом деп дайыма коркутат экен. Кыскасы, ал азыр фонддун жамаатын “өз” жана “жат” деп экиге бөлүп коюптур. Жаза берсек, Жумабековдун өзүм билемдик кадрдык алешемдиктери тууралуу сөз узак. Андыктан бул маселеге кайрадан кайрылмакчыбыз.

 10 миллион сомдун орду жокпу?

 Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна «Талас Дан Азык»  ачык акционердик коомуна (жооптуу сактоочу) кумшекер үчүн 9 800,00 миӊ сом суммадагы дебитордук карыз болуптур. Бул маселе боюнча Ички иштер министрлигинин 5-башкармалыгы тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн жана сатылган кумшекер үчүн мамлекеттик акча каражаты кайтарылбагандыгы фактысы боюнча кылмыш ишин козгоо тууралуу материалдар даярдалган. Бирок, фонддун төрагасы Жоомарт Жумабеков өз кызыкчылыгын көздөп, финансылык бюджеттик тартипти бузуу менен жооптуу сактоочу менен сүйлөшүп, акча каражаттарын алдын ала 3-4-жылга келечектеги данды сактоо үчүн төлөө катары өз ара чегерүү жүргүзүп коюптур. Жыйынтыгында ал мындай аракети менен бул 10 миллион сомго жакын акчаны  фонддун жүгүртүүсүнөн чыгаргандыгы айтылат. Башкача айтканда, жооптуу сактоочуга насыя берген. Муну кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу деп айтсак туура болчудай.

Мындан тышкары, 2015-жылдын ноябрь айында Жумабеков кызматтык абалынан кыянаттык пайдалануу менен, фонддун мамлекеттик акча каражаттарын колдонуу менен өзүнө кызматтык командировка дайындап жеке иштери боюнча Москва шаарына барып келгендиги боюнча да маалыматтар бар.

Кампадан сатылып жаткан дагы 70 тонна курттаган ун бар

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун ишин жакшы билгендер  Казакстандан келген гуманитардык жардам катары келген өсүмдүк майы жана ун кайда жана кандай жол менен сатылганы Жоомарт Жумабековдун ишенимдүү адамдарынан башка эч кимге белгисиз. Бул маалымат эмне үчүн жашыруун болуп жатканы көпчүлүктүн, аталган мекемеде иштеген бир топ кызматкерлердин да шегин жаратпай койбойт. Неге дегенде Жумабековго чейинки жетекчилердин тушунда мындай “секреттер” орун алчу эмес экен. Балким, бул жерде да жең ичинен ишке ашкан миллиондогон акча жемей маселеси жаткандыр, былгып…

Жумабеков Жоомарт жогоруда айткандай, кадр маселеси менен алектенип жаткан кезде, кампада сакталып жаткан жогорку сорттогу  унду сактоо мөөнөтү өтүп кетиптир, ошондуктан Монополияга каршы мамлекеттик агенттиги анын баасын ушуга окшош жогорку сорттогу ун базарларда 28-30 сомдон сатылып жатканда 1 килограммын 15 сомго төмөндөтүптүр. Мөөнөтү өткөн унду Борбордук базанын жумушчулары «Дан» Мамлекеттик ишканасынын логотиби менен башка каптарга салышып 1-сорттогу ун катары Борбордук база аркылуу сатышыптыр. Белгилеп кетүү керек, бул унду сатып алган нан бышыруучулар Фондго келишип бышырылган нандан зыянкечтери табылганын айтып, катуу нааразы болгон учурлары бир нече ирет болуптур. Мындан тышкары, Жумабеков адистердин айтканына кулак салбай, өз мөөнөтүнөн мурун кампадагы унду атайы Кара-Балта  шаарындагы  өздөрүнө  караштуу тегирменге тарттырып салат. Себеби, ошол кезде Кыргызстанды Казакстандан келген ун каптап турган. Алар бул жагын эске алышкан эмес, Айтор, натыйжада 300 тонна унду ташытып келип, эч кандай сатыкка да чыгарбай, фонддун Бишкектеги Лев Толстой-Тимур-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги (“Кока-коланын” кампасынын жанында) кампага сактатып коёт. Мунусу баа көтөрүлсө, көбүрөөк пайда көрөйүн дегени окшобойбу. Бул 300 тонна ундан тышкары дагы гуманитардык жардамга келген 200 тонна ун болгон. Жалпысынан 500 тоннаны чапчыйт. Мандемдүү маселе мына ушул жерден орун алган экен. Себеби, кампага унду сактаардан мурун эреже боюнча кампанын ичин толугу менен атайы химикалык каражат менен жакшылап (дезинфекциялап) тазалап, жуушу (үч айда бир) зарыл эле. Бул ишке деле көп каражат кетпейт экен.  Бирок, Жумабеков бул ишти кылдырган эмес. Натыйжада 6 ай өткөн соң, жыйылган ундардын ичинде личинкалар пайда болуп, анан кадимкидей эле курттар жаралган.

Азыркы учурда Мамматрезервдер Фондунун Борбордук базасынын аймагында жумушчулар курттар пайда болгон чириген унду элешип башка жаӊы каптарга салышууда жана бюджеттик уюмдарга, так айтканда: Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына, Карылар үйүнө, нан бышырган жайларга, ошондой эле башка коммерциялык уюмдарга сатууга аракеттенишкен. Бирок, бул уюмдар ундун чиригенин билишкенден кийин, бузулган унду кайтарып беришкен. Кайтарып бергендердин арасында нан бышырган жайлар жана элге белгилүү “Риха” аттуу колбаса чыгарган заводу да бар экен. Буга чейин курттаган унду канча эл жеди болду экен? Бул ун базарларга чыкпайт деп ким кепилдик бере алат? Ар кандай жолдор менен чыгып кетиши толук мүмкүн. Буга карабастан, фонддун жетекчилиги бүгүнкү күндө курттап жаткан кампадагы 60-70 тонна унду элетип, дагы башка жактарга сатууга аракет кылып жатканын эшиттик.  Мындан башка дагы…

(Уландысы кийинки санда)

Айбек Шамшыкеев

Булак: Багыт 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: