Menu

Жыргалбек Турускулов, ЖКнын депутаты: “Качанкыга чейин курттаган унду таратып коюп, кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө акча түшүрүп олтурабыз?”

Бөлүшүү:

 

“Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жыргалбек Турускулов коомчулукту дүрбөлөңгө салган маселени Жогорку Кеңеште көтөрүп чыкты. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда сакталып, базарларга жана социалдык тейлөө тармактарына таратылып жаткан ундардын курттап кеткенин далилдеген депутатка аталган фонддун жетекчилиги каршы сүйлөп, азыр бул иш коомчулуктун көзөмөлүндө турат. Биз бул тууралуу депутатка кайрылып көрдүк.

— Жыргалбек Күрүчбекович, курттаган ундарга байланыштуу маалыматтарды кимден алдыңыз?

— Бул маалыматтарды жергиликтүү гезиттерден, социалдык сайттардагы видеолордон көрүп билип жаттым. Өкмөт муну карап, эмне чара көрөт экен деп байкап турдум. Жок, өкмөт унчукпай койду. Анан өзүм киришүүгө туура келди. Балким ММКлардын алы жетпесе, депутаттын алы жетээр дедим да маселе көтөрдүм. “Ансыз да араң жашап атканда курттаган ундан нан жейлиби”- деп катуу киришип туруп алдым. Өкмөттөн болсо бир жумадан кийин “баары жакшы, баары таза”- деген жооп келди. Анан баарын иликтеп ачыктаганга кириштим.

— Өз көзүңүз менен көрүп келдиңизби?

— Өзүм барган жокмун, менин кишилерим барып көрүп, тартып келишти. Видеого тартып, атайын экспертизага да жибердик. Экспертиза бул ун менен тамак жасаганга такыр болбойт деген жыйынтык чыгарып беришти. Атайын кызматтар Саламаттыкты сактоо министрлиги баш болуп ушинтип “баары жарабайт, тамак жасаганга болбойт” деп жатса, башка дагы кандай далилдер керек. Курттаган ундан адамдын организминде картофель таякчасы пайда болуп, боор менен бөйрөккө абдан зыянын тийгизет экен. Булардын баарына ким күнөөлүү болсо Өкмөт башчы жөн эле сөгүш берип же кызматтан алып койбой, жоопкерчиликке тартсын. Качанкыга чейин эле биз күнөө кылгандарды кызматынан алып эле кутултуп кетебиз?

— Алар кайсы лабораториядан өткөрүп анан берип жатышыптыр коомчулукка?

— Мамлекеттик резерв кызматынын өздөрүнүн лабораториясы бар. Ошол жерден текшеришиптир. Шефине алар ундар курттап кетиптир деп айтмак беле. Жөнөкөй айтышса деле “кой, эртең коомчулукка чыгып кетпесин”- деп иштин баарын жаап койсо болмок.

— Курттаган ундар кайсыл жерлерге таратылган?

— Курттаган ундардын көбүн ооруканаларга, жетим балдар үйүнө, карылар үйүнө, балдар бакчаларына, түрмөлөргө, орто кесиптик окуу жайларына таратышыптыр. Бул эмне деген шумдук? Качанкыга чейин курттаган унду таратып коюп, кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө акча түшүрүп олтурабыз?

— Анда мамлекеттик сактоо кызматын реформа жасаш керек го?

— Туура, реформа жасаш керек. Алардын муздаткычтарын, кампаларынын абалын көрсөң эсиң чыгат. Биздин жарандардын негизги тамак ашы сакталып турган жай коопсуз, таза, заманбап болушу керек да. Эртең бирдеме болуп кетсе ким жооп берет экен? Жетекчисин буга чейин таанычу эмесмин. Эми болсо бул ишти далилдеп, тактап айтып чыксам, жогору жактагы адамдарды телефон чалдырып, сүйлөтүп, кабинетиме келдирип аябай кыйналып жатышат. Мага ал жетекчинин кызыкчылыгы эмес, элдин ден-соолугу зарыл. Ушунчалык коомчулукка чыгып кеткенден кийин бир жыйынтыкка келбесек болбойт. Ошол эле учурда башкалар айтып жаткандай менин кызыкчылыгым да жок. Мага элдин таза ун, таза нан менен камсыз болгону керек. Мага эч кимдин кызыкчылыгынын кереги жок. Интрига жасашпасын. Кыргызстандын жараны, депутаты катары маселени көтөрүп жатам.

— Бул жаатта премьер-министр менен кагаздарды көтөрүп барып, кол алдындагы кызматкеринин абийирин ачууга аракет жасадыңызбы?

— Жок.

— Кимиси шалаакылык кылган, өкмөтпү же ошол мекеменин билгизбей жасаган жетекчисиби?

— Балким өкмөттөгүлөргө унду сата албай калдык, иш ушундай болуп калды деп ачык айтканда, мынчалыкка жетмек эмеспиз. Алар баарын билдирбей тымызын жасашкан. Сакталуу мөөнөтү туура эмес, сата турган мөөнөтү өтүп кеткен, эми минтип биздин коом курттаган ун жеп жатат. Премьерге барса дароо эле ушул ишке эмнеге жеткирдиң, эмнеге саткан жоксуң деп урушмак. Өкмөт арзан болсо да курттай электе эле сат демек го. Бул киши жазасын албаса болбойт, Кудайдан да корксун. Бул ишимдин аягына чейин туруп, жыйынтык чыгарат деп ойлойм.

Маектешкен Б.Мырзатова

Булак: Жаңы Ордо

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: