Menu

Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстанга дайыма Орозо айындагыдай кут төгүлүп, ар бир үйдө бак-таалай, ырыс-береке толуп турсун!

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков мекендештерди Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу мекендештер!

Сиздерди руханий тазаланууну, тынчтыкты жана мээримдүүлүктү даңазалаган Орозо айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Орозо айт ар бир мусулман үчүн улуу күн. Бир ай бою жакшы ниеттер ишке ашырылып, соопчулук иштер жасалды.

Орозо айында береке жаап, муктаждарга садага берилип, таза тилек менен жасалган иштер арбын болду. Жан дүйнөбүз арууланып, ак ниетибиз менен адал иштерди аткарып,  бири бирибизге жакшылык тартуулаганга умтулдук.

Ардактуу мусулмандар!

Кармаган орозоңуздарды Жараткан кабыл кылсын! Бул айда жасаган жакшы иштерибиз коомубуздун ынтымагын бекемдесин!

Кыргыз жергесине дайыма ушул Орозо айындагыдай кут төгүлүп, ар бир үйдө бак-таалай, ырыс-береке толуп турсун!

Ар дайым мекенибиздин асманы ачык, элибизде ынтымак, биримдик жана молчулук болсун!

Кыргызстаныбыздын күн сайын алдыга карай өнүгүүсүнө  ар бирибиз салым кошолу!

Орозо айтыңыздар маарек болсун!»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: