Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев: Өкмөт өлкөнүн ар бир жашоочусун ичүүчү суу менен камсыздайт

Бөлүшүү:

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн айыл жерлерин ичүүчү суу менен камсыздоо тармагындагы «Ала-Тоо булагы» программасын ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.Бул туралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу департаментинин директору Аскарбек Токтошев учурда «Ала-Тоо булагы» программасынын алкагында айылдарды суу менен камсыздоого жана санитарияны жакшыртууга багытталган эки долбоор ишке ашырылууда.

«Программа таза суунун жеткиликтүүлүк көйгөйү бар дээрлик бардык калктуу пункттарды камтыйт. Республиканын 115 айылында суу менен камсыздоо тутумдарын куруу пландаштырылган. Муну менен биз үч жүз миңдей адамды камтый алабыз. Мындан тышкары суу менен камсыздоого бардык социалдык мекемелер кошулган, мектептерде иштеп жаткандары оңдолуп же жаңы санитардык объектилер курулат. Долбоорлор Дүйнөлүк банктын жана Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосунда ишке ашырылмакчы. Жалпысынан суу менен камсыздоону өнүктүрүүгө 94 млн АКШ доллары каралган», – деди Аскарбек Токтошев.

Өкмөт башчы белгилегендей, өлкөнүн аймактарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча бардык долбоорлор белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүшү керек.

«Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Өкмөт өлкөнүн ар бир жашоочусун суу менен камсыздоо үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Буга чейин «Таза Суу» программасын ишке ашырууда кетирилген каталар кайталанбашы керек», – деди Премьер-министр жана суу менен камсыздоо кызматынын баасын кайра кароо зарылдыгын карап чыгууну тапшырды.

«Суунун бир куб метри, бул миң литр, Бишкектин бир жашоочусу үчүн 5,38 сом, ошол эле учурда өздүк наркы – 7,70 сом. Желим бөтөлкөдөгү 1 литр суу 20 сомдон ашык турат. Мындай болбошу керек. Калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Эгерде биз жер-жерлерде суу менен камсыздоо тутумун жакшыртууну кааласак, анда сөзсүз бааларды кайра карап чыгуу кажет.Чогултулган каражаттар өлкөнүн бардык аймактарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо үчүн инфраструктураларды түзүүгө жана кайра калыбына келтирүүгө жумшалды», – деди Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй, өлкө калкы ичүүчү суунун жеткиликтүүлүгүнүн маанисин билиши керек.

«Биздин республика таза сууга бай. Өлкөбүздө суу менен камсыздоонун баасы эң төмөн. Суу – бул баа жеткис байлык, аны ар бирибиз сакташыбыз керек», – деп жыйынтыктады Өкмөт башчы.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: