Menu

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков өлкөнүн ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту

Бөлүшүү:

КРнын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Кыргызстандын Бизнес Курамасы (КБК) өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу кечээ, 8-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун максаты мындан ары карай экономиканы активдештирүү жана ишкерлерге жагымдуу шарттарды түзүү боюнча демилгелерди талкуулоо болду.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, мамлекеттин бизнес менен диалогу өзгөчө мааниге ээ жана мындай форматтагы жолугушуулар үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлүшү кажет.

Жолугушуу алкагында Артем Новиков иш-чара катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан экономикалык тармакта жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады, ошондой эле пландаштырылып жаткан реформалар тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде Кыргызстандын Бизнес Курамасынын өкүлү Аскар Салымбеков КБК түзүү идеясы жана бизнестин пандемиядан кийинки мезгилдеги өлкө экономикасын тез арада калыбына келтирүүгө тийиштүү практикалык көмөк көрсөтүү зарылдыгы боюнча ниети тууралуу маалымат берди.

КБК мүчөлөрү аймактарды жана экономика тармактарын өнүктүрүүгө багытталган пландарга кыскача токтолушту, ошондой эле “БАРС” идеологиялык жана экономикалык өнүктүрүү программасын сунушташты.

Жолугушуу жыйынтыгында Артем Новиков бизнес өкүлдөрүнө жемиштүү жолугушуу жана конструктивдүү сунуштар үчүн ыраазычылык билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: