Жаш кадр баары бир жаштыгын кылат экен. Сапар Исаков мыкты дипломат болгону менен өкмөт башчы катары ишин тарта албай атканы депутаттар арасында талкууланып, ордуна КСДП фракция лидери Иса Өмүркуловдун келе турганы болжонууда. Премьер-министр деген экономиканы, өндүрүштү, чарбаны чаккан, ар тармакка анализ жасай алган, өнүктүрүүнүн жолун билген кашкөй адис болушу керек да. Албетте, бул жагынан Исаков кыйла эле аксап атат, даярданып, даяр текстти окуганы эле болбосо, жеке өзүнүн тармактар боюнча ой жүгүртүүсү жетишсиз экени, чийкилиги такыба сынчыларга байкалып калыптыр. Анан калса, КМШ өлкөлөрүнүн чоң жыйындарында Сапар мырзаны жашсынтып, башка премьерлер теңине албаганы эмнени каңкуулайт? Ушул сыяктуу бир топ мүчүлүштүктөрдү кыраакы депутаттар байкашып, бараандуу Иса Өмүркуловду өкмөт башына көтөрүү жагын сүйлөшүп атышканын кантип жашырабыз? Эң башкысы, идея жаралса, андан соң демилге кайсы бир күнү ишке ашса керек да…
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ