Menu

Видео – Топчубек Тургуналиев: “Азике, Малайзияга барып, аларды талкалап, эл аралык чатакка калбагын…”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 10-февраль күнү Бишкекте саясатчы, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаровдун “Мен – кыргызмын” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Анда саясатчылар, коомдук ишмерлер катышты.

Китептин ачылыш аземинде “Манас” жана Ч.Айтматов Улуттук академиясынын президенти Топчубек Тургуналиев китепти бир-эки күн эртерээк бергенде, окуп чыгып ой-пикирин айтмак экенин билдирди.

“Бирок бул китепте талашсыз эки нерсе бар. Бир жагынан ушунчалык мээнет менен 30 жылдан ашык мөөнөттөгү биздин тарыхты жазып чыгыпсың. А экинчиси, китепте тарыхый документтер көп келтирилиптир” – деп билдирди Топчубек Тургуналиев.

Мындан сырткары Топчубек Тургуналиев Малайзияга элчи болуп дайындалган Азимбек Бекназаровго кайрылып, ал жакта деле Кыргызстандагыдай болуп жатканын айтты.

“Азике, Малайзияга барып алып, аларды талкалап, анан эл аралык чатакка калбагын. Малайзиянын бизге керектүү тажрыйбасын жазып, бизге айтып турсаң баалуу болор эле. Өмүрүңдүн аягына чейин мээнеткечтигиң калбасын. Иштерман боло бер” – деп ишине ийгилик каалады.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 + = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: