Урматтуу кыргызстандыктар!
Бардык кыргызстандыктардай эле биз “Республика” партиясы президенттикке экс-талапкер, белгилүү мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмер Өмүрбек Бабановдун өлкөгө кайтып келишин чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Кыргызстандыктар Өмүрбек Бабановду чыныгы реформатор жана жаратман катары билишет, ал саясий амбициясынын ордуна элибиздин тынчтыгын жана биримдигин тандаган.
Көп мекендештерибиз Өмүрбек Бабановду “Манас” аэропортунан тосуп алабыз дешүүдө, бирок ал жак жолугушууга тар болуп калат. Андыктан Өмүрбек Бабанов менен жолугушууну биримдик, адилеттик жана өкүгүү ураандарынын негизинде Бишкектеги эски аянтка өткөрүүнү чечтик. Бишкекке учуп келээри менен дароо эле ушул аянтта эл менен жолугушуусун Өмүрбек Бабановдон сурандык.
Өмүрбек Бабановдун бардык тарапташтарын, урматтуу саясий, коомдук ишмерлерди, депутаттарды жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрүн 2019-жылдын 13 апрелинде саат 14:00го Бишкектин эски аянтына чакырабыз.
“Биримдик, адилеттик жана өнүгүү” салтанаттуу жолугушуусу 2019 жылдын 13 апрелинде саат 14:00до Кыргызстандын төрт шаарында башталат – региондордогу жолугушууларда түз эфир болот:
1.Бишкек шаары, Өкмөт үйүнүн маңдайындагы эски аянт
2.Талас шаары, Обладминистрациянын маңдайындагы аянт
3.Нарын шаары, Обладминистрациянын маңдайындагы аянт
4.Каракол шаары, Ысык–Көл университетинин маңдайындагы аянт
Белгилеп кетсек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана тынч жыйындарды өткөрүү мыйзамына ылайык, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө элдин коопсуздугун камсыздоо боюнча билдирүүлөр берилди. Азыркы учурда башка шаарларда жолугушууларды өткөрүү суранычтарды караштырып жатабыз.
Терең урматтоо менен,
“Республика” саясый партиясы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ