Menu

Сабыр Муканбетов, коомдук ишмер: “Атамбаевди өзүнүн кудайы качан командировкадан келип, сактап калат?”

Бөлүшүү:

– Сабыр байке, өткөн жумада экс-президент Алмазбек Атамбаев 200ге чамалаш айылдаш, жердеш, партиялаштарын чогултуп көнгөн ыргагында бакылдады. “Чимкириктердин” сотуна барбастыгын, эч нерседен коркпостугун, мылтык, тапанчалары бар экенин айтып, жөн жатып берчүлөрдөн эместигин баса белгилеп, бийликке кыр керсөткөнсүдү. Кайра-кайра “чимкирик” атала берүүдөн чыйралган парламент депутаттары шыктануу менен ишин улантышууда. Алардын Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыратаарына шек жок болуп калганын туйган коомчулук: “Атамбаев камалат, камалбайт, камаш керек, камабаш керек, саясый туруктуулук бузулса кантебиз?”- деген санаркоолорду тынымсыз талкуулап, экс-президент баштагыдай элибиз эрмектеген тема бойдон калууда. Сиз ой толгооңузду ортого салсаңыз. Бул экс-президенттин жоруктары бүтпөс окуяга айланып кеткен жокпу?

– Нургазы, сен туура баамдапсың. Акыркы бир жарым жыл боюу биздин коом ушу Алмазбек Атамбаев менен эле алпурушуп калгандайбыз. Ал бирдеңкени балп эттирет, биз талдап жатып калабыз. Бийликтин жообун күтөбүз, тукурабыз…

Биздин коом өзү наркоман сыяктуу коом болуп калгандай. Биз күндө болбосо да, күн алыс адамды шок абалына кабылта тургандай доза – сенцасиялуу маалымат алып турушубуз керек. Антпесек, ломка…, “ой эмне тишина, эчтеке жокпу?” – деп кыйналып, кадимкидей… Анан ушундай кырдаалда, кеп чынында, экс-президент “эки айылды эриктирбей, бир айылды бириктирбей” дегендей бизди жакшы эле “багып келатат”, дозадан кемитпей… Эми минтип анын сериалы да жыйынтыкталганы турат, андан кийин кантээр экенбиз? “Дозаны” ким камтама кылат? Кимдин сериалы башталат? Мына маселе, ошо жагы кызык болуп атпайбы? Анткени биз, иштейли деген коом эмес, сериал, сенцасия сүйгөн коом болуп калганыбызды тана алабызбы?

Эми тамашасы жок айтсак, азыр Алмазбек Атамбаев абдан кыйын абалга кептелди. Иш жакшы жагына бурулат, жеңилдейт дегенге негиз жок. Орустар айтмакчы, “чем дальше в лес, тем больше дров” эле болчудай.

– Айрымдар айтып атпайбы, “өзүнө өзү кылды, токтолуп эле калса мындай болмок эмес” дешип. Буга кандай дейсиз?

– Албетте ал токтолсо, токтоло алса, иш мынчалык ырбамак эмес. Бирок кеп ошо анын токтоло албастыгында болуп жатпайбы.

Биринчиден, ал жети жыл бийлик башында “өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип” жатып, өзүн өзгөчө, жердеги пенделерден башкача, пайгамбар сыяктуу сезип калгандай. Бул эми мындайча айтканда оору, медицинада “мания величия” – деп койот. Алмазбек Атамбаевдин психикалык жактан жабыркаарын буга чейин бир нече адам, алардын ичинде медициналык билими бар адамдар да айтканы бар.

Анан ошондой “Кудайдын тандоосундагы” адамга жердеги пенделер асылып атса кантип артка чегинүүгө болот, кайра кыжыры кайнап жатканы ошондон.

Анын керек болсо Кудайга жини келип атат, “мени унутуп, эмнеге алагды болуп, кайда жүрөт” – дегенсип. “Буга чейин Кудай мага жакшы эле берип турчу” деп атпайбы… Демек ал, “Кудай эртеби, кечпи “командировкадан” келет, мени эстейт, дагы берет, мага шык оойт, ошондо корөсүңөр” – дегени да. Ошон үчүн айтылып атат да, жанагы психиатрия…

Экинчиден, ал канчалык оорулуу болбосун, бийликти элге, жерге гана кызмат кылуу үчүн эмес, жеке кызыкчылыктарына да колдонуп, байлыкка азгырылганын анан ошол жолунда жолтоо болгондорго, сын айткандарга зордук, зомбулук көрсөтүп, каматып мыйзамды көзгө илбегенин б.а. антын бузуп, бийликти узурпация кылганын да билип турат. Ошон үчүн “мен эл үчүн гана иштегем” деп тынбай безеленип атат. Бирок, көрүп атасыңар, эл түңүлүптүр, ишенбей калыптыр. Ошон үчүн колдоо жок, жанагинтип 200-300 адамга жалдырап жүрөт. Алардын да жарымынан көбү акчага, тамакка азгырылган немелер.

– Ошонун баарын сезип, көчүктү кысса иш мынчалык ырбабай, экс-президент статусу менен эле жоопко тартылбай кала бермек дегенге кандай карайсыз?

– “Көчүк кыскан бай болот” деп элибиз бекер айткан эмес да. Анткени бу дүйнөдө, айрыкча бизде, баардык эле кылмыштардын бети ачылып, сот жообуна тартуу деген жок да. Бири ачылат, бири жабылат, бири тутулат, бири кутулат болуп эле келе жатпайбызбы. Андыктан, кичине, арыдан бери болсо иш мынча ырбамак эмес. Бирок бул жерде, маселе бир эле Алмазбек Атамбаевдин көчүгү менен чектелчү маселе эмес болуп атпайбы… Ошон үчүн бу “экс” деле ошондой болуп, тынч эле кала албай жатат. Себеби антип жөн калганга, жанагы өзү таарынып аткан Кудай жол бербей, бир жагынан акылынан айнытып, экинчи жагынан ал тынчыса камактагы поддельник шакирттери кыйнап, ала жатчудай болуп жатышпайбы. Болбосо эмнеге “өлө албай атып өлөң айтат”? Сооронбай Жээнбековго асылганы аз келип аткансып, парламенттеги депутаттарды кайра-кайра “чимкирик” деп асылып… Муну Кудай эле уруп атат, айнытып. Өз колу менен жасатып, өз башына тийгизип жазалап атат. Анткени чектен чыгып кеткен… “Кудай бар” деп ушуну айтат кыргыз…

– “Чимкириктердин” сотуна барбастыгын, эч нерседен коркпостугун, мылтык, тапанчалары бар экенин айтып, жөн жатып берчүлөрдөн эместигин баса белгилеп бийликке кыр көрсөтүп жатат. Эми кол тийбестиги алынып, кылмыш жообуна тартуу ирети келсе, анан тиги куралданып атышса кандай болот? Коргойбуз деп ополчение түзөбүз деп да жатышат?

– Ошентип, эмоцияга алдырып, оозунан жаңылып атат. Оозунан жанылмайы жаңылык деле эмес дечи. Бирок эл башкарган адам эмес, деги эле акыл эси жайында адам айтчу сезбү ошо? Мыйзамды көзгө илбестигин дагы бир ирет көрсөттү.

Эми кол тийбестиги алынаары менен эле баса калып, Атамбаевдик ыкманы колдонуп камакка алуу кажет эмес деп ойлойм. Укук коргоо органдары иликтеп, тергеп, мыйзам чегинде иш-аракеттерди көрүп, анан сотто каралып, анан күнөөсү аныкталып, өкүм чыкса анан камаш керек. Ага чейин хансарайында жата берсин, ары бери кенен-кесири чыга албагандан кийин ал жер деле түрмөдөн айырмасы жок болуп калбадыбы.

Суракка келбей, сотко барбай кыргыз мамлекетинин мыйзамдарын көзгө илбесе анда атайын чараларды көрүү керек. Ал эми атайын кызматтардын иши.

2010-жылдын 6-апрелинде Бакиевдин буйругу менен келген спецназ деле Атамбаевди темир эшигин тилип туруп алып кеткен. Анда азыркыдай бир ууч, 200 киши эмес, миңден ашык адам туруп алып кала алган эмеспиз. Ошондо деле башында короктоп атып, аягында таң атканча, камерада шолоктоп ыйлап, шымын булгап алганын оперлер айтып берген.

– Өткөндө сиз ошо шымын булгаганы тууралуу айтсаңыз, бир коллегабыз “андай эмес, шымы купкургак болчу”- деп сизди калпычы көрсөттү беле?

– Ооба. Баарынан кызыгы, “өзүм көрдүм” деп мага айтып берген адам кайра танып, мени калпычы кылгысы келди. Просто ошол учурда тиги жак менен жакшы болуп калган үчүн… Бирок шым булганганын андан башка адамдар да билет экен, ошолор мени калпычы кылбай сактап калышты. Экс-президент Роза Отунбаева да интервьюсунда: “Алмаз мага, “Роза Исаковна сасык жыт чыгып, жаман жыттанып атам, барып жуунуп тазаланып келбесем болбойт” деп кетип калган” дегени кайчы түрүндө далил да. Болбосо парашанын жанында жаткан үчүн эле анча сасыбайт да. Ушул эле мааниде Өмүрбек Текебаевдин да айтканы бар. Андыктан, мен билген Алмаз болсо, азыр геройлонуп барып, аягында шымын булгап алышы толук мүмкүн. Андыктан жөн эле “баатыр” боло бербей мыйзамды сыйлоо керек. Бабалар “бийликтин укуругу узун” деген кепти бекеринен айтпаган чыгаар…

Маектешкен: Нургазы Анаркулов

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: