Menu

Тажикстанда электр энергиясынын тарифи кайра каралат

Бөлүшүү:

Тажикстанда премьер-министр Кохира Расулзоданын тапшырмасы менен электр энергиясынын тарифин кайра карап чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү.

Тажикстандын Монополияга каршы кызматы бул топко профилдик министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү кире турганын кабарлады. Тажикстанда 2010-2019-жылдар аралыгында электр энергиясынын бир киловатт-сааты 9 дирамдан 22 дирамга (11 дирам – 1 цент) чейин көтөрүлгөн.

“Барки точик” мамлекеттик энергохолдинги электр энергиясынын ар бир киловатт-сааты 28 дирамды түзөрүн, ал жашоочуларга арзан баада сатыларын, мунун айынан холдинг чыгым тартып жатканын билдирди.

Тажикстан эл аралык институттардын, анын ичинде Дүйнөлүк банктын макулдугу менен тарифтерди көтөрүү менен бирге жакыр үй-бүлөлөргө айына 250 киловатт-саат электр энергиясын жеткирүүгө милдеттенме алган. Бирок план бардык эле аймактарда жүзөгө аша элек.

Бул арада Тажикстанда көп жылдардан бери кышкысын электр энергиясы жетишсиз болуп келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: