Menu

Хусейн Абдусамадов чет элдик туристтерге кол салганын телеберүүдө мойнуна алды

Бөлүшүү:

Дангара-Душанбе жолунда чет элдик велотуристтерге кол салууга айыпталган Хусейн Абдусамадов Тажикстан атайын кызматы тарабынан даярдалган телеберүүдө күнөөсүн мойнуна алганын билдирди. Ал чабуул өлкөдө тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу партиясынын” мүчөсү Кори Носирдин (Носирхуджа Убайдов) тапшырмасы менен болгонун айтты.
Хусейн Абдусамадов терактты диний партиянын лидери Мухиддин Кабири өзү пландаганын кошумчалады. “Ал Тажикстанда эл аралык деңгээлдеги террордук акт жасоону тапшырган”,- деди Хусейн Абдусамадов.

29-июлда Дангара районунда кылмышкерлер велосипедчен чет өлкөлүк туристтердин тобун автоунаа менен сүздүрүшкөн. Анда Голландия менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болгон, дагы үч чет өлкөлүк жараат алган. Тажикстандын ички иштер министри автоунаадагы адамдар туристтерди сүздүргөндөн кийин аларга курал жана бычак менен кол салганын билдирген.

Шектүүлөрдү кармоо операциясында төрт киши жок кылынган, беш киши кармалган.

Тажик өкмөтү 31-августта төрт туристтин өмүрүн алган кол салуу боюнча өлкөдө тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу партиясын” күнөөлөгөн. Бирок ошол эле күнү кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алган. Диний партиянын бозгундагы лидери Мухиддин Кабири мындай айыптоону четке кагып, бийлик чыныгы күнөөлүүлөрдү көз жаздымда калтырып жатканын айткан.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: