Кээде айрымдар жалпы ураандын асты менен бактыга туйтунушат. Ошол эле маалда жалпы өлкөгө зыян да алып келишет. Эсеби маселен, «Бийлик башына жаштар келсин» деген саясатты биз деле кош колдоп колдойбуз. Бирок, тажрыйбалуу болсо гана колдош керек да. Ырас, «Жаш болсо, анан кайдагы тажрыйба болот эле. Бара бара такшалат да»-деген негизден да буйтап кетүүгө болбойт. Ооба, такшалуу керек. Бирок, такшалуунун ордуна ташыркап аткандар жалпы жаштарга көө болуп сүйкөлүп атпайбы. Маселен, бакандай Экономика министрлигине 30 жаштын кырындагы Артем Новиков деген «новый» министр келбеди беле. Бул жигит саясатта эмес, жашоодо бышып жетиле элек неме экен. Министр болуп келгенден бери жүдөп-какап эле жүрөт байкуш. Өлкөнүн өзөгүн түзүп турган бакандай министрликти «үйрөнчүктөрдүн» колуна салып берип коюп олтура беребизби? Башка тармактарга, айталы Маданият тармагына, социалдык коргоо, миграция, Илим билим өңдүү тармактарга демилгелүү жаштарды алып келип, Экономика тармагына бышып жетилген, тажрыйбасы мол Дүйшөн Ирсалиевге окшогон кадрларыбызды алып келгенибизде жылыш болмок беле. Албетте, бул салыштырмалуу айтылган кеп. Бирок, өзөгүндө чындык жатпайбы.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ