Коңшу Казакстанда аба ырайы кескин сууп, коомдук кыймылды токтотту. Бул тууралуу Centralasian сайты жазды.
Маалыматка ылайык, катуу сууктан улам өлкөнүн Караганды, Павлодар, Кокшетау, Чыгыш Каазакстан жана Түндүк Казакстан облустарындагы мектептерде сабактар токтотулду. Мындан тышкары 8-февралда Астанада колледждердин биринчи курсунда окугандарга да сабакка келбей коюуга уруксат берилди. Аба ырайына байланыштуу өлкөдөгү бир топ автоунаа жолдорунда кыймыл токтоду. «Казахавтодор» ишканасынын маалыматына караганда, Павлодар облсундагы жана Астанадан чыгуучу жолдордун баары жабылды. Чыгыш-Казакстан, Акмоло жана Тундүк Казакстан облустарында коомдук жана дизель менен жүргөн автоунаалар үчүн кыймыл чектелди.
Кошумчаласак, ушул жуманын башында Казгидромет чукул билдирүү таратып, өлкөнүн
10 облусунда катуу суук болуп, температура минус 45 градуска чейин жетиши мүмкүн экенин эскерткен.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ