Menu

Талгарбековдун акталышы ар бир саясий туткундун үй-бүлөсүнө үмүт жаратты!

Бөлүшүү:

-Бекболот Талгарбековдун саясий жактан реабилитацияланышы, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровго карата соттун абактан мөөнөтүнө жетпей бошотуу туралуу чечиминин чыкканы жаңы бийликтин саясий туткундар боюнча туура иш жүргүзүп жаткандыгынан кабар береби?

Абдрахман Маматалиев, экс-вице-премьер-министр: “Бул чечим өлкөдө мыйзамдуулукту толук кандуу орнотуу аракети башталганынан кабар берет”

– Бул жакшы кабарды акыркы мезгилде өлкөдө кырдаал өзгөрүп, саясий туткундардын иштери калыс талданып, сот бийлиги мыйзамдуу чечимдерди кабыл алууга багыт алды деп баалап туралы. Албетте, бул чечимдер, азыркы бийликтин сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыз кылуу, өлкөдө мыйзамдуулукту толук кандуу орнотууга багытталган ишмердигинен кабар берет.

Камила Талиева, экс-министр: “Талгарбековдун акталышы – күтүлгөн мыйзам ченемдүү көрүнүш”

– Бекболот Талгарбековдун камалышынын өзү саясий куугунтук менен коштолгону коомчулукка маалым болчу. Мыйзам иштеген мамлекетте мындай алешемдиктерге жол берилбеши керек, эми бир канча жылдан кийин кайра акталышы Американы ачуу эмес да, ал боло турган эле мыйзамдуу процедура. Бүгүнкү биздин сот системасында баягы эле эски система иштеп жатат, эч кандай жаны секирик жасачу реформалар болгон жок да. Ошондуктан, башка саясий туткундар боюнча туура чечимдер чыгат деген ойдон алыс болуу керек.

Соттор да кандайдыр бир күтүү режиминде иштеп жаткандай, убакыт өтүп жатпайбы, эгер саясий туткундарды бошотуу, актоо керек деген туура чечимдерге бара турган болсо, буга чейин эле жасабайт беле, жылдар өтүп жатпайбы..?

Талгарбековдун акталышы азыр ар бир саясий туткундун үй-бүлөсүнө да үмүт жаратты, бул табигый көрүнүш, жакшыны үмүт кылып жатышат, бирок, система деген эски, баарына даяр болуу керек.

Каныбек Осмоналиев, профессор: “Талгарбеков дагы башка айыптардан акталат деп үмүт этиш керек”

– Ооба! Баарыбыз эле ошондой болсо экен деп тилеп отурабыз! Бекболот Талгарбеков өзүнө коюлган дооматтын эң азаптуу жана эң адилетсиз айыптоосунан кутулуп алды. Мен ал инсанды чын дилимден куттуктаймын! Өзү эчак эле ушундай чечим чыгышы керек эле. Атамбаевдин бийлигинин адилетсиз, зордук-зомбулугу болгон да бул иш! Эми Талгарбеков дагы башка айыптардан акталат деп үмүт этиш керек жана мындай жагымсыз көрүнүштөр кыргыз коомчулугунда мындан ары болбойт деп үмүт этели!

Кадыр Кошалиев, коомдук ишмер: “Бийлик туура саясат жүргүзө баштады окшойт”

– Ооба ошондой нукта, бийлик саясий туткундар боюнча туура саясат жүргүзө баштады деп жоромолдосо болот. Чынында, Ссаясий туткундардын маселеси ачык бойдои калым жатат. Бүгүн “Достук” мейманканасында Курултайдын аткаруу комитетинин демилгеси менен саясий негиз менен камалгандардын маселеси каралды. Кызуу талкуу болду, айыпталып жаткандардын адвокаттары, юристтер, коомдук ишмерлер сүйлөшту, пикирлерин айтышты. Жыйынтыгында 5 пунтктан турган чечим кабыл алып, анда саясий туткундардын иштери мыйзамга ылайык кайрадан калыс, адилет каралышын талап кылынды.

Тимур Саралаев, активист: “Адилеттик орноп бара жатат окшойт”

– Бекболот Талгарбековдун саясий жактан реабилитацияланышы жалпысынан эле туура кадам деп эсептейм. Коомчулук жакшы билет, кандай себептер менен ал кишини өткөн бийлик камаганын. Менимче адилеттүүлүк орноп бара жатат окшойт, бул бир жагы. Ал эми, бул маселенин экинчи жагы да бар, өзүңөр билгендей башка саясий туткундар да бошоп жатышат, себеби эмнеде? Менимче себеби Алмазбек Атамбаевде…

Кайып Шери, 7-апрель баатыры: “Башкалары да акталып чыгат деген үмүтүм бар”

– Атамбаевдин режиминин учурунда Бекболот Талгарбековго окшогон азаматтар жок жерден эле камалып кетишкен. Азыркы бийлик саясий туткундардын чыгышына бут тоскон жок. Ошол эле учурда мыйзам бузган жок. Буйруса, чекесинен чыга баштады. Бул жакшы жышаан. Кудай буюрса, камактагылардын ишин кылдаттык менен карап жатышат. Башкалары да акталып чыгат деген үмүтүм бар.

Самсаалы Четинбаев, Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү: “Саясий туткундардын кылмыш иштери сөзсүз кайрадан каралышы керек”

– Албетте, ким болбосун, эгер мурунку бийлик тарабынан саясий куугунтукка кабылып, абакта жатса, ал жарандардын кылмыш иштери сөзсүз кайрадан каралышы керек. Себеби алардын кылмыш ишинде саясий өңүт бар. Бурмаланган. Бул жагдай улам кийинки келген бийликке сабак да болушу керек! Саясий куугунтук деген түп-тамырынан жок болушу абзел. Жакшы илдет эмес бул нерсе! Мындай талаптар дайыма революцияларда эң чоң талаптардын бири болуп келген.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: