Menu

Ташкент шаарынын мэри окуучуларга бекер планшет тапшырды

Бөлүшүү:

Ташкент шаарынын башчысы Жахонгир Артикходжаев 5-сентябрда №169 мектептин 1-классынын 246 окуучусуна бекер планшет таратты.

Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, Ташкент шаарынын башчысынын милдетин аткаруучу Жахонгир Артикходжаев өзү да ушул мектепти аяктаган.

№169 орто мектептин 1-класстарынын окуучулары чиновниктин колунан Samsung Galaxy Tab A улгүсүндөгү планшеттерди алышты. Мектеп директорунун айтымында, быйыл 1-класста 246 бала окуйт.

Жахонгир Артикходжаев Ташкент шаарынын башчылыгына быйыл апрель айында дайындалган. Буга чейин ал «Артель инжиниринг» компаниясында директор болуп иштеген жана Tashkent City мекемесин жетектеген. Артикходжаев терезе чыгаруучу Akfa компаниясынын негиздөөчүсү болуп эсептелет.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 33 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: