Menu

Мародерлор жаңы министрден коркобу же Текебаев алсырап баратабы?

Бөлүшүү:

ЖоКенин 9-ноябрдагы отурумунда Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт курамы бекитилди. Жыйын жүрүшүндө “ата мекенчи” Өмүрбек Текебаев жаңы ИИМ жетекчиси Улан Исраиловго опсуз асылып: “Сизди мени каматыш үчүн министрликке алпаратышат, сиз аны билбейсиз” таризинде күпүлдөдү.

Өмүке өгүнү дагы маалымат жыйынын өткөрүп: “Мени камаганы атышат, жете тургандай кылып чачымды тегиздеттирдим” деп “арман күүсүн” черткен эле. Жарыктык кишинин минтип жаналакетке түшкөнү таңгалычтуу. Бир кездеги салмактуу, эрктүү саясатчы ушинтип алсырап баратабы? Же бетине чиркөө болгон “мародер-гейт” чатагы жүрөгүн өйүп атабы? Мындай шартта мародерлор жаңы ИИМ башчысынан коркуп атканын боолголосок жаңылышпайбызбы? Өзүнүн тазалыгы, ишбилгилиги менен оозго алынган Улан Исраиловду курулай сындагандын ордуна колу-буттан алып колдоп, ички иштер системасын оңдошуна мүмкүнчүлүк бербейлиби, ыя? Баса, мурда ИИМ жетекчисин шайлоо маалында депутаттар: “Менин паланча тууганымды, түкүнчө күйөө баламды тигиндей кызматка коесуң” таризинде талапкерге атайын талап коюп, кадрларын бекиттиришчү. Ал эми бу саам андайга жол берилген жок, принципиалдуу позицияны тутунган У.Исраилов андайга жол бербептир. “Ата мекенчилер” гана эмес, айрым фракциянын “азаматтарынын” дагы жаңы министрге “атырылганынын” баш­кы себеби ушунда тура. Жаш, таза кадрды колдогондун ордуна, “бөйрөктөн шыйрак чыгарганыбызды” качан токтотор экенбиз, ыя?

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: