Экс-президент, Кыргызстан социал демократиялык партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев Москвада өтүүчү Азиядагы саясий партиялардын эл аралык конференциясынын Х башкы ассамблеясына катышат. Бул тууралуу партиянын маалымат кызматынан билдирди.
Маалым болгондой, аталган иш-чара 24-27-октябрда өтөт. Анда Азиянын, Африканын жана Латын Американын алдыңкы саясий партияларынын лидерлери менен өкүлдөрү эл аралык күн тартипте турган маселелерди, экстремизм менен күрөшүү жолдорун талкуулашат.
Ошондой эле көз карандысыз мамлекеттердин ички ишине кийлигишпөө боюнча тегерек стол уюштурулмакчы.
Атамбаев андан ары Санкт-Петербург шаарына барып 22-23-октябрь күндөрү жеңесинин зыйнатына катышат.
Экс-президент Бишкекке 28-октябрда кайтып келет.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ