“Өзбекстан-Орусия” аттуу аймак аралык биринчи форумдун натыйжасында 785 эки тараптуу келишимге жана меморандумга, жалпысынан 27,1 млрд доллар өлчөмүндөгү келишимге кол коюлду. Бул тууралуу аталган форумдун маалымат кызматы кабарлады.
Анын негизинде соода-экономикалык кызматташтык боюнча 600 келишим 1,76 млрд доллар өлчөмүндө, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу багытында 185 келишим 25,3 млрд доллар өлчөмүндө болгон.
Айта кетчү нерсе, келишимдин натыйжасында Өзбекстанда 79 өзбек-орус ишканалары, 23 жаңы соода үйлөрү, 20 дүн таратуу борборлору ачылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ