Menu

UFC’нин президенти Хабиб Нурмагомедов менен Флойд Мейвезердин күтүлүп жаткан беттеши тууралуу комментарий берди

Бөлүшүү:

Чет өлкөлүк басылмалар UFC’нин президенти Дана Уайт орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун америкалык Флойд Мейвезер менен күтүлүп жаткан беттеши боюнча пикирин жазып чыгышты.

“Буга көңүл бурбай эле койгула. Флойд тарабынан бизге кайрылуу болгон жок. Ал эми Нурмагомедовдун UFC менен келишими күчүндө”, – деди Уайт.

Айта кетсек, Нурмагомедов америкалык мушкер Флойд Мейвезерди “Жунглиде бир эле хан бар, албетте, ал мен” деп беттешке чакырык таштаган. Ал эми Мейвезер бул чакырыкты кабыл алганын билдирип, америкалык телеканалдарды жана порталдарды акча даярдоого чакырган. Беттеш үчүн эң жакшы жер Лас-Вегас экенин айткан. Ал эми Нурмагомедов Мейвезер менен Лас-Вегаста беттеш өткөрүүдөн баш тарткан.

Аталган эки мушкер тең профессионалдык карьерасында бир дагы жолу жеңилүү ызасын тартып көргөн эмес.

UFC’нин жеңил салмактагы учурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов 27 беттеште жеңишке жеткен.

Флойд Мейвезер – бокс боюнча беш салмак категориясындагы Дүйнөнүн экс-чемпиону. Ал карьерасында 50 беттеш өткөрүп бир дагы жеңилген эмес.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: