Казакстандын өкмөт башчысы Кыргызстанга расмий иш-сапары менен келди.
Кыргыз жана казак премьер-министрлери Мухаммедкалый Абылгазиев менен Аскар Мамин Казакстан аркылуу өткөрүү режимин либералдаштыруу боюнча сүйлөштү.
Абылгазиев менен Мамин биздин жүк ташуучулар үчүн Казакстан аркылуу үчүнчү мамлекеттерге транзиттик жол менен өтүүдө өткөрүү режимин жеңилдетүү тууралуу да макулдашууларды ишке ашырды. Буга чейин ветеринардык тармакта иштешүү боюнча бардык маселелер чечилген.
Буга чейин ар кандай саясий да жана башка маселелер менен Кыргызстандын жүк ташуучу унаалар Казакстан тараптын бажы бекеттеринде ар кандай себептер менен кармалып туруп калып, ишкерлер көптөгөн чыгымдарга учурап жатышканы айтылып келе жаткан. Эми мындай ары мындай тоскоолдуктар болбостугу эки өлкө башчыларынын сүйлөшүүлөрүнөн кийин айкын болду.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ