Menu

«Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановго оңтойсуз суроолор?

Бөлүшүү:

– Алтынбек Турудбаевич, сиз жалаң “бакиевчилерди” чогултуп, алардын башьн кошуп, чачырабай бир бололу деген идея менен «Бир Бол» партиясын түздүңүз, чынбы. Максатыңыз ишке ашып, акчанын күчүнө салып Жогорку Кеңешке «Бир Болду» сүйрөп келдиңиз. Албетте, муну сиздин ийгилик катары бааласа болот. Анткени аштан-көчтөн калган, коомго жек көрүндү болгондорду бир муштумга бириктирип, шайлоодо утуп келүү оңойго турган жок. Сыр болбосо шайлоодо канча миллион доллар жумшадыңыз эле? «Бир Бол» фракциясынын депутаттары Аскар Шадиев, Акылбек Жапаров, Исхак Пирматов коррупцияга шектелип кылмыи иши козголгон. Игорь Чудиновго соттун чечими чыгып, мандатынан ажырады. Өңчөй коррупционер атыккандар менен иштешкен кандай экен? Сизге өз тажрыйбаларын үйрөтүштүбү? «Бир Бол» коррупционерлердин партиясы турбайбы деген эл арасындагы сөздөрдү уктуңузбу? Уксаңыз кандай кабыл алдыңыз? Эми мындан ары «Бир Бол» шектүүлөрдүн башын бириктирип көчүн улантабы же кийинки шайлоодо сайда саны жок кумда изи жок калабы? Фракцияны кандай жол менен башкарып жатасыз? Акыл мененби же муштум мененби? Депутаттарды кыңк эттирбей кармаш үчүн кайсы ыкма ыңгайлуу экен? Мамлекеттик иште тажрыйбасы жок, кесиби географ, Ош мэриясынын дене тарбия тармагын тейлеген Замирбек Аскаровду өкмөттүн инвестиция тартуу жана экономика боюнча вице-премьер кылдыңыз. Жооптуу кызматты тартып кете алабы деген ой келген жокпу? Же сиздин алаканды ысытып ыраазы кылдыбы? Сизди түштүктөгү трассаны көзөмөлдөйт деген сөздөрдүн канчалык деңгээлде чындыгы бар? Эгер чын болсо, бир жылда канча миллионго капчыгыңыз кампаят? Жалган болсо мындай сөздөр кайдан илээшип жүрөт деп ойлойсуз?

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: