Menu

“Бир болчулар” Шадиевди каргап башташты. Эми “бунт” чыгат экен

Бөлүшүү:

Белгилүү болгондой Аскар Шадиев буга чейин парламентте Айтматовдун сыйлыгы үчүн бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалышына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча УКМКга бир нече жолу сурак берген. Ал өзүнүн кызматтан кетүү чечимин Өкмөттүн ишине көлөкө түшүрбөө максаты менен түшүндүрдү. Бул эми болбогон эле шылтоо. Кандай болгон күндө да Шадиев бул иш боюнча жоопко тартылып, өзүнүн татыктуу жазасын алышы зарыл. Бийлик мамлекетке бир да тыйын зыян келтирбеген Аида Салянованы моралдык маселе менен депутаттык мандатынан ажыратып, бир нече жылга соттоп жиберди. Ошондой эле “Ата Мекендин” лидери Алмамбет Шыкмаматовду да мамлекетке бир тыйын зыян келтирбесе да, күчкө салып, ашыкча саясатташтырып, соттоп, мандатынан ажыратууга чоң аракеттер көрүлүп жатат. Ал эми мамлекетке 30 миң доллар зыян келтирүүгө, муну менен биздин элдин бирден бир көзгө басар улуу жазуучубуз Чьңгыз Айтматовдун аброюна шек келтирген Аскар Шадиев эмнеге соттолбошу керек?

Айтматов сыйлыгына бөлүнгөн акчанын уурдалышын далай өлкөлөрдүн калкы угуп, баш чайкап жерге түкүрүп жатышса керек. Мына ушундай абалга жеткирүүгө Шадиев чоң салым кошту. Бул биздин мамлекет, бийлик үчүн өтө уят нерсе. Мансап менен байлыкка кул болгон Аскарчигиңер биринчи вицеликтен кеткени менен депутаттыктан кеткен жок. Ал ортодо Шадиевге өзүнүн партиялаштары “Бир болчулар” нааразы экени да ачыкка чыгып жатат. Көрсө өздөрүн “Бир болдун” билермандарындай сезишкен Аскар Шадиев, Акылбек Жапаров деген эргулдар 2015-жылы парламенттик шайлоодо кыйратып деле добуш алган эмес экен. Тизмеде алдыда болгону үчүн лидер Алтынбек Сулаймановдун тилин таап, эпчилденип мандат алууга жетишкен экен. “Бир болчулардын” ошол учурдагы жалпы жыйынында Шадиев, Жапаров баштаган азыркы депутаттар “2016-жьшдын март айына чейин депутат болуп туралы. Андан кийин мандатыбызды өткөрүп беребиз. Чыдай тургула”-деп эркекче сөз беришкен экен. Бирок 2016-жылдын марты эмес, бүгүн 2018-жылдын 11-апрели болду. Алар мандатын бермек тургай, кийинки депутат болуп келчү, добушту көп алган талапкерлерди “мат кылып кеттик” -деп мансаптарына чиренип олтурушат. Ошондон улам “Бир болдун” шайлоодо көп добуш алып, бирок аз добуш алган Шадиев, Жапаровдорго жемин жедирип, аларды эркек экен деп ишенип кала берген бир катар талапкерлери эми “бул эки депутат сөзүнө турбайт экен, буларга караганда анча-мынча аялдар намыстуу, сөзгө бекем болушат экен”- деп баш чайкап, ал тургай жакшылыкты билбеген, айтканын аткарбагандарды каргап башташыптыр.

Демек, Шадиевдер элден мурун өздөрүнүн партиялаштарынын каргышына кала турган болуп калды окшойт. Мансаптын кумарына батып, кул болгондор жакын арада жакшы эмес жагдайларга туш болуп, бирди көрө турган болуп калды окшойт. Бир канча адамдын назарынан калгандан да, жалпы элдин назарынан калуунун арты жакшы болчу эмес эле. Демек, булар жакында «Бир болдун” деле катарынан таптакыp чыгып калат окшобойбу.

Эми парламентте отуруп алып, баягысындай эле элге акыл үйрөтө берет. Мындай таза  эмес далай былыгы бар адамдарды мандатынан да ажыратып,  талапка ылайык жазага тартса эл ошондой бийликке ыраазы болот экен.  Баса, Шадиевдин 30 миң доллардан башка далай былыктарды көп айтылып, көп жазылып жүрөт. Калк айтса, калп айтпайт дегендей, укуругу узун УКМК баштаган укук коргоо органдары бул адамдын ишмердүүлүгүн тыкыр иликтөөгө алышы керек, Энергетика министри болуп турган кездеги Казакстандан көмүр алып келген коррупциялык схемасы боюнча да жоопко тартыла элек. Айтор ушинтип санай берсе көп эле…

Булак: “Багыт

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: