Бүгүн, 11-апрелде КР Жогорку Кеңеши Генпрокурор Индира Жолдубаеваны кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетирүү боюнча чечим кабыл алгандан кийин аны кызматтан гана кетирип тим болбостон депутаттык комиссия түзүп, Жолдубаеванын жана прокуратура системасындагы мыйзам бузууларды иликтеп, күнөөлүүлөрдү жазалоону сунуштап жатышты.
Депутат Наталья Никитенко саясый мотив боюнча козголгон бир нече кылмыш иштеринин негизинде абакта олтурган саясатчылардын иштеринин мыйзамдуулугун кайра иликтеп чыгууну сунуштады.
Депутат Каныбек Иманалиев журналисттерге жана ММКларга каршы козголгон иштерди жана соттук чечимдердин мыйзамдуулугун да депутаттык комиссия кайра иликтеш керек деп кошумчалады.
Депутат Акылбек Жапаров “Коопсуздук кеңешинде президент Сооронбай Жээнбеков прокурорлор 56 кылмыш ишин мыйзамсыз козгогонун, ошончо адамдын тагдыры сынганын бирок ал тагдырларга бир да прокурор жооп берген эмес деп айтты эле, мен президентти колдойм, андай мыйзамсыз иш козгогон прокурорлор жазасын алыш керек” деди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ