Menu

Баткен районунун имамдарына Ыйык Куран китептери таратылды

Бөлүшүү:

Баткен областына караштуу Баткен райондук хатибиятында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан аталган районго келген 808 даана Ыйык Куран китеби айыл аймактагы имамдарына тапшырылып, ар бир мечитке таратылып берилмекчи. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ошону менен бирге баш имам хатиб  Муса ажы Жолдошов каттоодон өтө элек мечиттерди тездетүү, имамдардын шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу үгүт иштерине аралашпоосун эскертти.

“Сауд Араб Падышачылыгы өлкөсүнүн бизге берген баалуу белеги бизге аманат. Андыктан бул китептерге жоопкерчилик менен мамиле жасайлы. Ыйык Куран сооптору китепти белекке берген мусулман боордошторубузга жетип туруусун Жараткан Алла Таала кабыл кылсын”,- деди баш имам хатиб.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: