Айрым адамдар өмүрүнүн тең жарымында да жакшылыктуу бир иш кыла алышпаса айрым адамдар аз гана убакыт аралыгында жасаган иши менен элге көрүнө алат. Элге арнаган эмгеги менен кадыр-барк күтө алат. Айталы, Өкмөттүн Ысык-Көл областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевге жылуу пикир билдиргендер арбын. Атап айтсак, мурунку ыйгарым укуктуу өкүл, эски тил менен айтканда Аскат Акибаев Ысык-Көл областында бир топ баш аламандыктарды жаратып, өзүм билемдик менен башкарып, башкасын айтпаганда дагы кадр саясатынын ашмалтайын чыгарып салганы ачуу чындык. Акибаев ээлеп олтурган ордун бизнес менен саясатка аралаштырып жибергенин бир нече жолу ММКлар да жазып, айтып чыгышкан. Ал эми барганына анча көп убакыт болбосо да анын баарын ирээтке келтирген Жылкыбаев бул жүрүшү менен кетсе алыска чуркай тургандыгы бышык. Иш көзүн таба билген мырзага ийгилик гана каалайбыз!
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ