Бүгүн, 30-апрелге карата 17 адамдан коронавирус аныкталды, анын ичинде төртөө медициналык кызматкерлер. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Коронавирусту жуктуруп алган 4 медициналык кызматкерлер:
– Бишкек шаарында – 1,
– Чүй облусунда – 2,
– Ош облусунда – 1 катталган.
“Жалпысынан өлкө боюнча коронавируска чалдыккан медициналык кызматкерлердин саны 195ге жетти. Алардын ичинен 105 медициналык кызматкер оорудаканадан айыгып чыгарылды” – деп билдирди йнура Акматова.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ