Menu

Депутат Кубанычбек Жумалиев: “Региондордо гезиттерди кыскартып, 300дөн ашык киши жумушсуз калды”

Бөлүшүү:

Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда депутат парламент жыйынында айтты. 2019-жылдын 27-августунда №430 токтом чыгып, райондук жана облустук гезиттер кыскартылган. “Бул туура эмес. ММКларды жаңылаш керек, бирок мындай жол менен эмес”, – деди ал.

“2018-жылдын 7-майындагы токтомуна ылайык, регионалдык басылмалардан 64 кызматкерди кыскартып, 7 облуста 7 медиаборбор ачылмак. Мурунку токтомду жокко чыгарбай туруп, кийинки токтом чыгып кетти. Натыйжада 300 киши жумушсуз калып олтурат. Мындан тышкары 12 облустук гезитте 15 кызматкердин ордуна 7ден кызматкер калтырылган. Гезиттерди телерадиокомпанияларга кошуп салышыптыр. Мындай бириктирүү ишке тоскоол болот. Гезиттин өндүрүш структурасы бузулат. Дагы бир маселе – мурда кызматкерлердин айлык акысы 8 миң сом болсо, азыр 5 миң сом болуп калыптыр”, – деди Кубанычбек мырза.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: