Menu

Бактыгүл Жумабаева, Апрель Баатыры: “Азыр партиялар менен “каралар” достор экен, “караларды” айткандан да коркот экенсиң…”

Бөлүшүү:

“2010-жылы мен да Апрель революциясына катышкам. Саясый партияларга мүчө болгон эмес элем, ошол 2010-жылы биздин Нарындын кыйынчыкма уулу, мыкты экономист  Акылбек Жапаров “Ар-Намыс” партиясына чакырып туруп алды. Анан макул болуп “Ар-Намыска” мүчө болуп кирдим”, – деп билдирди Нарындын тургуну, Апрель Баатыры Бактыгүл Жумабаева Сөз эркиндигин коргоо комитетинин өткөн жумада Нарында өткөргөн жыйынында чыгып сүйлөп.

Бирок, 2011-жылы президенттик шайлоого Кулов жанагы Анарбек Калматовду дегенди “Ар-Намыс” партиясынын атынан талапкер кылып чыгарганда мен ошол жерде, съездде  партбилетти ыргытып жиберип кетип калгам. Партияга киргенден да жүрөгүң түшүп калат экен. Эл ушундан аябай жаман бөлүндү. Бул партия дегениң абдан жаман нерсе экен. Ичинде ити барбы, мышыгы барбы, агы барбы, карасы барбы, билбейсин…  Кызматка кесипкөйлөрдү коюшпай эле акчасы барларды, анан “караларды”…  кой “караларды” айтпай эле койоюнчу, “караларды” айткандан да коркосуң… “Каралар” менен ошол партиялар достор экен… Иши кылып, элге кызмат кыла албагандарды, элдин алдына бара албагандарды тизменин ичине киргизип, ортосуна коюп алып депутаттыкка өткөрүп жатышат. Анан алар бийликке өтүп алгандан кийин эмне кылып жатышат? Ошолор бийликтегилерди, президентти да, фракцияларды дагы, ушу биздин депутаттарды дагы эң жаман акыбалга алып келип, эң жаманатты кылып аткандар так ошолор болуп жатат. Эгерде партиялар өздөрү жакшы адамдарды тандап, элге кызмат кыла турган, илимдүү-билимдүү мыкты кадрларды кызматка койгондо  “чымынды да касапчы сойсун” дейт, мындай болмок эмес. Кыргызстан абдан бай, эли да ыймандуу өлкө болчу, намыстуу болчу, сөзүнө бек болчу, “сөзүм өлгүчө өзүм өлөйүн” дечү. Ар-намысты туу кармачу. Бүгүнкү биздин бийлик эмне кылып жатат? Ар-намысты туу кармабай байлыкты жетесиз топтошту, топтогон менен таптакыр тоюна алышпай, тигил жака да бир нерсе ала кетчүдөй  жулунган абалга жетишти”, – деди Апрель Баатыры Бактыгүл Жумабаева

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: