Бүгүн, 9-январда президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева менен президенттин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү. Алар президент Сооронбай Жээнбековдун “2020-жылы – Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгы боюнча түшүндүрүп беришти.
Алардын айтымында, жарыяланган бул демилгелер бири-бирин толуктап турат. Ошондой эле алар өлкөдө болуп өткөн жана алдыда кандай иштер аткарыларын билдиришти. Алгач Толгонай Стамалиева сүйлөп, ал быйылкы жылдын жарыяланышынын себебин түшүндүрүп, ушул багытта алдыда жасалчу иштер тууралуу айтып берди.
Андан кийин сөз алган Данияр Иманалиев региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү боюнча артыкчылык мындан ары да сакталаарын, ал узак мөөнөттүү жана ырааттуу процесс болуп саналаарын баса белгилеп, санариптештирүү боюнча айрым долбоорлорду ишке ашыруу ушул жылы да улантылаарын айтты. Ошондой эле ал өлкөнүн региондорун өнүктүрүү боюнча президент тарабынан бир канча жолу айтылганын эске салып өттү.
Данияр Иманалиевдин айткандарын төмөндөгү видеодон көрсөңүздөр болот:
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ