Бул тууралуу 10-октябрда БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов айтты.
“Ага карата сот өкүмү күчүнө кире элек. Ал шаардык сотко чечимге макул болбостугун билдирген арыз менен кайрылышы мүмкүн. Өкүм күчүнө киргенде гана анын депутаттык мандаты алынат”, – дейт Бекматов.
2019-жылы 6-декабрда О.Артыкбаевге 303-берененин 1-бөлүгү (Коррупция) колдонулуп, күнөөлүү деп табылып, 5 млн сом айып пул салынган эле. Камакка алуу чечими жокко чыгарылып, сот залынан бошотулган.
Ал эми жактоочулары О.Артыкбаевдин камактан бошотулганына байланыштуу шаардык сотко кайрылбай тургандыктарын билдирген. Демек, жакын арада сот өкүмү күчүнө кирип, анын депутаттык мандаты алынат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ