Menu

Алтынайга күмүш сырга!

Бөлүшүү:

Ар кандай эл аралык жыйындарга сырттан расмий коноктор келгенде эле Бишкектин эли жүдөп,  узакка созулган жол тыгындарынан кандай чыгаарын билбей, эси эки болот. Мунун айынан кызматкерлер иштен, окуучулар сабактан кечигет, машинелерге корогон майдын акчасын айтпай эле коелу. Мына ошондуктан келген конокторду аэропорттон тосуп алып, түз эле “1-мамлекеттик резиденцияга жеткирүүчү жаңы жол курулушу керектигин кечээ депутат Алтынай Өмүрбекова сунуш кылды. Бирок биз ал сунушту угуп, гезит аркылуу жооп айтып коелу деп чечтик. Эгер Бишкек шаарынын мурдагы вице-мери, район акими катары Алтынай айым маалыматтуу болсо, жаңы жол салууну эмес, Юлиус Фучик көчөсү менен Дооронбек Садырбаев (Бах) көчөсүн бириктирүүнү сунуш кылмак. Бул идеяны илгери экс-мэр Нариман Түлеев айтып, 150 узундукту ээлеген жердеги темир жолго караштуу кампаны жылдырып темир жол өткөөлүн жасап, шлагбаум коюп койгону калганда бийлиги менен кошо айтышкан эле. Андан берки мэрлер деле муну чечкиси келбей, эгер эле аны жасаса Түлеевдин ишин улантуучу катары аты булганып кала тургансып келишет. Бирок эгер бул трассалар туташылган болсо, Бишкектин борборуна меймандардын эч кедергиси тийбейт болчу…

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: