Ушул жылдын июль айында Чүй облустук ИИББнин 10-Башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ок-дары жана экстремисттик мүнөздөгү маалыматтарды жайылтуу фактысы аныкталган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, ыкчам-иликтөө иш-аракеттердин негизинде Ирак-Сирия аймагында куралдуу конфликтке катышуу үчүн чыгууга даярданып жаткан 36 жаштагы Ф.Р. аттуу жаран кармалган. Кылмышка шектүү адамдын жашаган жерин тинтүү учурунда эл аралык-террористтик уюмдарга таандык материалдар, ок-дарылар жана 9 мм калибрлүү ок табылган.
Аталган факт боюнча Чүй облусунун Аламүдүн райондук ИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынган. Учурда тергөө амалдары уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ