Menu

Видео – Нарын облусунда 31 медицина кызматкерлерине коронавирус илдети жуккан

Бөлүшүү:

Нарын облусунда 31 медицина кызматкерлери коронавирус илдетине чалдыккан. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов онлайн-брифингде билдирди.

“Нарын облусу боюнча коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 129 адамды түздү. Алардын ичинен 91и айыгып, ооруканадан чыгарылды. Азыркы күндө 38 адам дарыланып жатат. Ал эми райондор боюнча алсак, Ат-Башыда 70 адам, Жумгалда 10 адам, Нарын шаарыда 8 адам, Кочкордо 3 адам айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Учурда Ат-Башыда 7, Жумгалда 4, Нарын шаарында 27 киши дарыланып жатат. Обсервацияда жалпы 139 адам бар. Үй карантининде 455 адам бар. Ал эми байланышта болгон адамдардын саны 1323. Өкүнүчтүүсү оору жуктургандардын ичинен 31и медицина кызматкерлери болуп жатат. Булардын ичинен 7 дарыгер, 17 медайым жана 7 санитарка. Мындан тышкары, милиция кызматкерлеринин арасынан дагы коронавирус илдети аныкталып, учурда 14 кызматкер обсервацияда дарыланып жатат. Азыркы убакта милиция кызматкерлеринин арасында оору чыгып, баардыгы карантинге алыныптыр, иштегенге эч ким жок экен деген сөздөр чыгып жатат. Андай эмес азыр баары көзөмөлдө, өзүлөрүнүн тиешелүү адамдары ИИБде өзүнчө көзөмөлгө алынып иш алып барып жатышат. Андан тышкары үй карантинине алынгандыр бар. Ал эми жетишпеген кызматкерлердин ордуна башка райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринен жана Бишкектен кошумча күчтөр келип, кызмат өтөп жатышат”,- деди Эмилбек Алымкулов.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: