Президент Сооронбай Жээнбеков менен экс прездиент Алмазбек Атамбаевдин мамилелери салкындап, экөө таасир талашып жатат дегенден бери кырдаалдан пайдаланып, өз кызыкчылыктарын ишке ашырып калууну көздөгөндөр арбыды. Өзгөчө Атамбаевдин убагында коррупцияга айыпталып камалгандар, кылмыш иши козголуп саясаттан сүрүлүп калгандар өч алуу максатында президент Жээнбековдун саясатын колдогон болуп, экс-президентке каршы тукурушууда. Мына учурда Өмүрбек Текебаевди Жээнбеков түрмөдөн чыгарып, Атамбаевге каршы коюшу керек дегенди тымызын да, ачык да айтып жатышат. Бирок Текебаев Жээнбековдун камчысы болуп чабылып, айтканын аткарабы дегенди ойлошкон жок. Негизгиси Текебаев президенттик шайлоого чейин камалбаганда, Жээнбеков президент болуп отурушу күмөн болмок. Муну Атамбаевден өч алгысы келгендер да, өлкө башчысы Жээнбеков да жакшы билет. Демек, Текебаевди чыгаруу өзүнүн бийлигине келөкө түшүрөөрүн президент түшүнүп турат. Бекеринен президент Жээнбеков: «Коррупцияга аралашкан ким болсун, анын мурда-кийин сиңирген эмгегине карабайм» – деп айткан жок.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ