«Интерфакс» агенттигинин маалыматына караганда, Орусияда курамында спирт бар суюктуктан адамдардын жапырт уулануусу боюнча төрт айыпталуучу камалды. Лосьон косметикалык каражатын ичип каза тапкандардын саны 76га жетти.
Иркутск шаардык сотунун чечими менен дагы эки адам үй камагына алынды. Жалпысынан 10 шектүү кармалган, арасында соода жайларынын ээлери жана «Боярышник» суюктугун чекене сатуу үчүн жеткирип берип турган делинген адамдар бар. Маалыматка караганда, учурда 18 жабырлануучу дагы деле ооруканада.
Өткөн жумада Орусия өкмөтү курамында 25 пайыздан көп этил спирти бар, ичүүгө арналбаган продукцияларды сатууну 30 күнгө токтоткон. Аларга парфюмерия жана айнек жуу каражаттары киргизилген эмес.
Жасалма алкоголь менен ууланган адамдар Иркутсктун ооруканаларына 17-декабрдан тарта жеткириле баштаган. Алар ичкен “Боярышник” аттуу каражаттын курамында метанол деген уулуу зат бар болгон. Даамы жана жыты боюнча ал этил спиртинен айырмаланбайт.
Иркутск облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ