Menu

Жаз келип, курулуш сезону башталары менен Жогорку Кеңеш Кызыл-Кыя заводуна “наезд” кыла башташты

Бөлүшүү:

Бир учурда өлкө боюнча цемент дефицит болуп, бардыгыбыз Кант цемент-шифер комбинатынын көзүн карап, убагында алыш үчүн пара берип цемент сатып алганыбызды унуттук. Ошондо Кызыл-Кыяда цемент заводу курулуп, баалар арзандап, цемент дефицити жоюлду эле. Ал жерден Кыргызстан гана эмес, тажиктер келип цемент алып калышкан болчу. Акыркы эки-үч жылда абал өзгөрүп Тажикстан өзү ири цемент заводдорун куруп, азыр алар Кыргызстанга цемент сатат элек деп турушат. Былтыр эле Кыргызстанга 100 миң тоннага жакын тажик цементи сатылган. Өлкөнүн түндүгүндө абал дагы дурус эмес. Базарларды казактардын цементи каптаган. Учурунда биз аларга экспорттоочу элек. Коңшу өлкөлөр куу ыкмаларды колдонуп, Кыргызстан рыногуна кириш үчүн бааларын арзандатып, жергиликтүү продукцияларды сүрүп чыгарганга аракет кылышууда.

Кыргызстандын өндүрүүчүлөрүн чындап коргогон, колдогон киши жок. Өзүлөрү менен өзү. Мамлекеттик органдар баш болуп, депутаттар төш болуп – завод, фабрикалардан бирдеме өндүрүп алсам гана деп турушат. Жакында эле депутат Зиядин Жамалдинов Кызыл-Кыя заводуна нааразы болуп, алар чыгарган продукциясын Өзбекстанга чыгарып жатат, эми ички рынокто цемент калбай калат деген доомат койду. Туура маселе көтөргөндөй болду. Бирок, чындыгында жыл башында ал өзү ошол эле заводго инисин жиберип Өзбекстанга экспорттогонго 100 миң тонна цементти кезексиз беришин талап кылганын айтпады. Завод кышында, курулуш сезону токтоп, цемент өтпөй калган мезгилде өзбек фирмалары менен келишим түзүп, ишкананы токтотпош үчүн экспорттой баштаганын айтып, учурда өзүбүздө сезон башталганын белгилеп, депутатка кезексиз 100 миң тонна цемент бере албашын түшүндүргөн. Эл өкүлүнүн заводго болгон таарынчы, андан кийинки “наезди” ушуга байланыштуу экен.

Айтмакчы, Өзбекстанда жаңы президент келип өлкөсүнүн чек арасын ачары менен, ал жакка коңшу өлкөлөрдүн товар өндүрүүчүлөрү умтулушту. Борбор Азиядагы эң чоң болуп саналган Өзбекстан рыногуна киргенге мамлекет колдоп, кайра жардам берсе туура болмок.

Булак: “Жаңы ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: