Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык, кызматтык милдеттерин аткаруудагы кемчиликтер жана статс-катчылардын иштеринин рейтингиндеги жыйытыктары боюнча начар баа алгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчымы Курманова Айдай Эркиновнага сөгүш берилди. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ