Menu

КСДПдан экинчи талапкер болобу?

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков КСДПдан президенттикке талапкер болуп көрсөтүлдү. Саясий кеңештин чечимин эл чыдамсыздык менен күттү. Акырына чейин бул коомчулук үчүн да, серепчилер үчүн да бийлик партиясында көрүнүктүү саясатчылар арбын, президенттикке атаандаштардан да бир нече киши бар, бирок алар ким экени жашыруун сыр болчу. Шайлоонун калган талапкерлери буга чейин аныкталган эле.

Негизги талапкерлер арасында биринчи кезекте Жогорку Кеңеш төрагасы Чыныбай Турсунбековду аташты. Президент аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков да президенттикке ат салышат деп жүрүштү. Бирок ал тажрыйбасы аз, өз электоратын топтой элек жаш саясатчы. Талапкерлер арасында Иса Өмүркуловдун атын да айтып жатышты, ал мурда мэр болуп иштеп, бирок эл аны жакшы тааныбагандыктан, шайлоого катышаарына көп деле ишенбедик. Ордо калаабыздын азыркы мэри Албек Ибраимов жөнүндө да сөз кылып жатышты. Бирок негизги «салгылашуу» азыркы премьер менен спикер ортосунда, КСДПнын негизги саясий оор басырыктуу адамдары ортосунда жүрмөкчү.

Премьердин талапкерлиги көрсөтүлгөнүндө негизги аймактык фактор да өз ролун ойноду. Сооронбай Жээнбеков – түштүктүн уулу, аны жердештери колдоп берет деген үмүт зор эле. 2010-жылы ал Ош облусунун башында турганына карабастан, кичи мекенинде ал анчалык деле белгилүү адам эмес, ал Оштун мурдагы мэри
Мелис Мырзакматовдун көлөкөсүндө калган эле. Тилекке каршы бул Жээнбековдун лидердик касиети жана жетектей билүүсү жоктугун көрсөтүп турат. Ошондуктан аны эч ким эрктүү, кайратуу, айланасына саясий күчтөрдү бириктире ала турган саясатчы деп эч ким айта албайт.

Акыркы күндөрү ММКда КСДПнын президенттикке талапкери кызуу талкууланып жаткан кези. Ар түрдүү пикир айтылууда – жада калса кутум теориясы да айтылды. Жалпыласак, саясий серепчилер эки вариантты айтышууда: же дагы бир талапкер көрсөтүлөт, же шайлоого аз калганда Жээнбековду башка талапкерге алмаштырышат. Ал эми саясий кеңештин чечимин байкоо дешет – коомчулуктун Жээнбековго болгон аракетин байкап, шайлоого чейин кыймыл-аракетин түзөп оңдоо дешет.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: