Menu

Экс-министр Улукбек Кочкоровго кылмыш иши козголуп, суракка келбей жүрөт

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинде Бишкек стационардык социалдык мекемесинин (карылар үйү) мурдагы директору Эркингүл Абдылдаеванын билдирүүсү боюнча тергөө иштери башталды. Бул тууралуу анын жактоочусу Бактыбек Жумашев 24.kg маалымат агенттигине маалымат берди.

Анын айтымында, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мурдагы башчысы Улукбек Кочкоров Эркинкүл Абдылдаеваны кызматтан негизсиз бошоткондуктан, ыйгарым укуктарынан аша чапкандыгы үчүн ИИМ ага карата кылмыш ишин козгогон.

“Негизсиздик үч соттун тең чечимдери менен тастыкталды. Мындан тышкары, ал өзүнүн иш-аракеттери менен мамлекетке зыян келтирди, анткени Эркингүл Абдылдаева албаган эмгек акыны мамлекет төлөп берет жана юридикалык кызматтын чыгымдарын жабат », – деп түшүндүрдү Бактыбек Жумашев.

Ал буга чейин чиновник соттун чечиминн аткарбагандыктан, Башкы прокуратурага Социалдык өнүгүү министрлигинин мурунку жетекчисине карата арыз менен кайрылгандыгын кошумчалады. Эркингүл Абдылдаева Жогорку сотту кошкондо бардык сотторду утуп алган, бирок ал жумушка калыбына келтирилген эмес жана мажбурлап кетиргендиги үчүн компенсация төлөнбөйт.

Мындан тышкары, Улукбек Кочкоровго карата “Алдамчылык” беренеси боюнча иш козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. “Бирок Кочкоров тергөө иш-чараларына катышуудан качат. Суракка келбейт, көрсөтмө бербейт. Кандай негизде?” – дейт адвокат.

Адвокат Эркингүл Абдылдаевага байланыштуу соттун буйруктары бар экенин, ал эми Кочкоров министр болуп турган кезде аларды аткарган эместигин кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 + = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: