Үстүбүздөгү жылдын 31-майында саат 10:00 Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында 1-июнь Эл аралык Балдарды коргоо күнүнө карата КР Маданият , маалымат жана туризм министирлиги , Кыргызстандагы Америка Элчилиги менен биргеликте майрамдык “ Китеп кербени “ болуп өттү. Бул туурасында министрликтин басма сөз кызматы маалымдайт.
Китеп Кербенинин негизги өткөрүү максаты: Жаш муундарды китеп окууга тарбиялоо балдардын убактысын туура пайдаланууга көндүрүү у. с. ж. б. болуп саналат.
Эскерте кетсек, Кыргызстандагы АКШ Элчилигинин каржылоосу менен бир канча жылдан бери “ Китеп Кербени “ шаардагы “Бакай-Ата “, “Көлмө”, “Ала-Тоо” “ Арча-бешик” конуштарында , мектептерде жана “Бишкек парк” ,
“ Караван “ соода түйүндөрүндө, Курманжан Датка аянтында, Панфилов эс алуу паркында өткөрүлүп, 3000 ашык балдардын көңүлүн китепке тартты, ата-энелери менен шаарга сейилдеп чыккан балдардын купулуна толуп, жыйынтыгында жаш жеткинчек окурмандардын китепке болгон кызыгуусу артып , окурмандардын санын өстүрүүдө.
Балдарды коргоо күнүнө карата өткөн , аталган иш-чарада алгач китепкананын мүдүрү Султангазиева Р.К. куттуктоо сөзү менен жалпы катышуучуларды жарык маанайда тосуп алды. Ошондой эле, КР ММТ министирлигинин өкүлдөрү, АКШнын Кыргызстандагы Элчиси Шейли Гуолтни балдарга эң жакшы каалоо-тилектерин айтышып, кызуу куттукташып, жылдын “Мыкты окурманы”, “ Мыкты ыктыйарчысы” “Жаш каламгер”, “ Балдардын мыкты жазуучусу”, “ Үй-бүлөлүк мыкты окурмандар”, “Жаш сүрөтчү” ж. б. номинацияларга белектер, мактоо баракчалары тапшырышты.
Андан соң, балдар “ Бирге окуйбуз”, ” “Керемет талаасы”, ”Чебер колдор” , ” Америка борборунун булактары”, “Спорт аянтчасы” “Мен сүйгөн китептин каарманы”,”Оюн-зоок аянтчасы ж. б. аянтчаларында болушуп белек –бекчелерди алып, көңүлдөрү көрккө бөлөнүп, “ Балакай”, “ Рабаят” куурчак театрынын спектакелдерин көрүшүп, майрамдык маанайда кубанычка батышты. Иш-чаранын аягында бардык баалдарга бал муздак таркатылы.
Ошентип , балдарды коргоо күнүнө арналган “Китеп Кербени” ата-энелерди жана жеткинчек окурмандардын көңүлүн кайдыгер калтырган жок.
Мындан ары дагы балдардын тынымсыз китепканага келүүсүнө жол ачып , китепке болгон кызыгуусун ого бетер арттырды.
Үстүбүздөгү жылдын 31-майында саат 10:00 Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында 1-июнь Эл аралык Балдарды коргоо күнүнө карата КР Маданият , маалымат жана туризм министирлиги , Кыргызстандагы Америка Элчилиги менен биргеликте майрамдык “ Китеп кербени “ болуп өттү.
Китеп Кербенинин негизги өткөрүү максаты: Жаш муундарды китеп окууга тарбиялоо балдардын убактысын туура пайдаланууга көндүрүү у. с. ж. б. болуп саналат.
Эскерте кетсек, Кыргызстандагы АКШ Элчилигинин каржылоосу менен бир канча жылдан бери “ Китеп Кербени “ шаардагы “Бакай-Ата “, “Көлмө”, “Ала-Тоо” “ Арча-бешик” конуштарында , мектептерде жана “Бишкек парк” ,
“ Караван “ соода түйүндөрүндө, Курманжан Датка аянтында, Панфилов эс алуу паркында өткөрүлүп, 3000 ашык балдардын көңүлүн китепке тартты, ата-энелери менен шаарга сейилдеп чыккан балдардын купулуна толуп, жыйынтыгында жаш жеткинчек окурмандардын китепке болгон кызыгуусу артып , окурмандардын санын өстүрүүдө.
Балдарды коргоо күнүнө карата өткөн , аталган иш-чарада алгач китепкананын мүдүрү Султангазиева Р.К. куттуктоо сөзү менен жалпы катышуучуларды жарык маанайда тосуп алды. Ошондой эле, КР ММТ министирлигинин өкүлдөрү, АКШнын Кыргызстандагы Элчиси Шейли Гуолтни балдарга эң жакшы каалоо-тилектерин айтышып, кызуу куттукташып, жылдын “Мыкты окурманы”, “ Мыкты ыктыйарчысы” “Жаш каламгер”, “ Балдардын мыкты жазуучусу”, “ Үй-бүлөлүк мыкты окурмандар”, “Жаш сүрөтчү” ж. б. номинацияларга белектер, мактоо баракчалары тапшырышты.
Андан соң, балдар “ Бирге окуйбуз”, ” “Керемет талаасы”, ”Чебер колдор” , ” Америка борборунун булактары”, “Спорт аянтчасы” “Мен сүйгөн китептин каарманы”,”Оюн-зоок аянтчасы ж. б. аянтчаларында болушуп белек –бекчелерди алып, көңүлдөрү көрккө бөлөнүп, “ Балакай”, “ Рабаят” куурчак театрынын спектакелдерин көрүшүп, майрамдык маанайда кубанычка батышты. Иш-чаранын аягында бардык баалдарга бал муздак таркатылы.
Ошентип , балдарды коргоо күнүнө арналган “Китеп Кербени” ата-энелерди жана жеткинчек окурмандардын көңүлүн кайдыгер калтырган жок.
Мындан ары дагы балдардын тынымсыз китепканага келүүсүнө жол ачып , китепке болгон кызыгуусун ого бетер арттырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ