Menu

“Чыңгыз Айтматов” ордени уюштурулат

Бөлүшүү:

Кыргызстанда “Чыңгыз Айтматов” ордени уюштурулмакчы. Бул боюнча “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгени жатат.

Мыйзамдын авторлору бул демилгени мындайча негиздешет:

“Чыңгыз Айтматов өзүнүн чыгармачылыгы, чыгармалары жана эл аралык коомдук ишмердиги менен дүйнөлүк адабиятынын жана искусствосунун өнүгүүсүнө, улуттардын жана элдин маданиятынын жакындашына жана өз ара байытуусуна баалангыс салым кошкон. Дүйнөлүк маданияттын көрүнүктүү көрүнүшү болгон – Чыңгыз Айматовдун  мурасын сактап калуу жана атын түбөлүккө калтыруу, ошондой эле, эл аралык деңгээлде кыргыз адабиятын, искусствосун жана маданиятын алдыга жылдыруу максатында «Чыңгыз Айтматов» орденин уюмдаштырылуусу сунуш кылынат”.

Жаңы мамлекеттик сыйлыктын уюштурулушу улуу жазуучунун 90 жылдыгын утурлай даярдалууда. «Чыңгыз Айтматов» ордени менен эл аралык деңгээлде адабият, кинематография жана башка искусстволор жаатында көрүнүктүү жетишкендиктер, ошондой эле чет өлкөдө кыргыз адабиятын жана искусствосун алдыга жылдырууга кошкон чоң салымы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары сыйланышат.

Ошондой эле, «Чыңгыз Айтматов» ордени менен ийгиликтүү чыгармачылык иши, гуманизм идеяларын алдыга жылдыруу, тынчтыкты бекемдөө жана адамзаттын руханий өнүгүшү үчүн чет өлкөлүк жарандар сыйланышат.

Мыйзамда белгиленгендей, «Чыңгыз Айтматов» ордени биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлыктардын тизмесин толуктап, төштүн сол жагында «III даражадагы Манас» орденинен кийин тагылат. Мурда бул орунда “Курманжан Датка” ордени турчу, эгер мыйзам кабыл алынса, ал мындан ары “Чыңгыз Айтматов” орденинен кийинки орунга жылат.

Карамат Орозова, Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзам долбоорунун авторлорунун бири:

– Ааламга таанымал улуу инсан, мекендешибиз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейине карата, дүйнөгө аты чыккан агабызга болгон сый иретинде “Чыңгыз Айтматов” орденин уюштурууну сунуштап жатабыз. Дүйнө эли кадырлаган инсанды биз туу кылып көтөрүшүбүз керек. Бул сыйлыкты дүйнөлүк сыйлыктардын катарына теңейли деген ой бар, Чыңгыз Айтматов ошого татыктуу инсан. Сыйлык дүнүйө эли ала турган деңгээлде болот. Себеби Ч.Айтматов дүйнөгө кыргыз элин, мамлекетин, маданиятын, үрп-адатын ж.б. кеңири таанытты. Анын чыгармаларын баары кызыгуу менен окушат. Өсүп келе жаткан муунга тарбиялык мааниси жогору болот. Чыгармачылыкка кызыккан жаш муундун чыгармачылыгынын өсүшүнө дем берет. Мыйзам эми эле сунушталып жатат, элдин талкуусуна койдук. Сыйлыктын каржылык колдоосу боюнча коомдук, парламенттик талкууларда сунуштар болот го.

Ал эми аттуу-баштуу инсандар бул сыйлыктын уюштурулушуна кандай карашат болду экен?

Меңди Мамазаирова, акын, жазуучу:

– ХХ жана ХХI кылымда кыргыз улуттук адабиятына Чыңгыз Айтматовдой эмгек сиңирген жана улуттун атын, затын дүйнөлүк деңгээлге көтөргөн жазуучу боло элек. Ошондуктан, улуу, залкар жазуучу жердешибиздин атын түбөлүккө даңазалоо үчүн “Чыңгыз Айтматов” атындагы орден чыгаруу өтө зарыл жана өз убагында көтөрүлгөнүн канагаттануу менен белгилегим келет. Ошондой эле, кыргыз улутунун тарыхын, кечээгисин казып, элге жеткирүүдө жазуучу Төлөгөн Касымбековдун эмгеги да өтө зор. “Өлгөндөр ыраазы болмоюн, тирүүлөрдүн иши алга кетпейт” деген да туура сөз. Эми Төлөгөн Касымбеков тууралуу сөз алдыда. Удулу келгенде айткан сөз.

Ташманбет Кененсариев, тарых илимдеринин доктору, профессор:

– Аны негизинен адабиятчыларга ыйгарса болот. Бирок  орден эмес, медаль болсо туура болмок. Себеби «Даңк» деген медаль бар. Ал ар тармактагы жетишкендиктерге берилип келет. Аны орден деп атоо керектигин сунуштап жатышат. Ал эми адабият, гуманитардык жааты үчүн Ч.Айтматовдуку медаль аталганы дурус деген ойдомун.

1928-жылдын 12-декабрында туулган улуу жазуучу, залкар инсан Чыңгыз Айтматов быйыл 90 жашка чыкмак. Анын юбилейлик датасын белгилөө үчүн мамлекеттик деңгээлде иш-пландар түзүлүп, даярдыктар жүрүүдө.

Кубатбек АЙБАШОВ

Булак: Параграф

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: