Президенттик аппаратта Алмаз Усенов иштеп жүргөндө «Фокус» сайты шефи Атамбаевди коргоп, душмандарын шыбап турчу эле. Азыр ал «баракча» тынчыды, ашып кетсе айына бир-эки маалымат чыгарышат. Ал эми Усенов учурда «Форум» имаратында ЖМКлар менен иштешүү планын түзүп, ошого катар КСДПнын курултайын өткөрүү демилгесин колго алып, билекти түрүнө иштеп аткан чагы. Ошого катар «Апрель» аталышындагы телеканалды революциянын 8 жылдык юбилейине туштап, жаңы багыттагы берүүлөрүн баштоого белсенип аткан чагы. Мурдагы 5-канал, НТС сыяктуу ТВлардын идиректүү журналисттерин тартып, медиа айдыңында жаңылык жасоого аракет жасашууда. Баракелде! Тырмышкан адам гана ийгиликке жетет да, ак жол анда!
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ