Menu

Эркинбек Чодуев: “Апрелдеги үшүктөн улам өлкөнүн агрардык сектору 301 миллион 433 миң сом зыян тартты”

Бөлүшүү:

8-9-апрелде жүргөн үшүктөн улам өлкөнүн агрардык сектору 301 миллион 433 миң сом зыян тартты. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

“8-9-апрелде кар жаап, катуу суук болуп, үшүк жүрдү. Негизинен Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облустарына жана Ош облусунун кээ бир райондоруна олуттуу зыян келтирди. Биз райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктар тарабынан сурамжылоо жүргүздүк, алар жеринде райондук комиссияны түзүштү. Бизге келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы, 301 миллион 433 миң сом деп келди” – деп билдирди министр.

“Бул жерде 4 маселе боюнча каралат. Биринчиден, дыйкандардын салыктан, социалдык төлөмдөр боюнча төлөмдөрдү кийинкиге жылдыруу мүмкүнчүлүгү бар. Андан сырткары, эгерде банктарда карызы болсо, анын мөөнөтүн жылдыруу боюнча биз өкмөткө сунуштайбыз. Эң негизгиси, Финансы министрлигинин алдындагы Экономикалык өнүгүү мамлекеттик фондунан алынган үрөн же  башка товарлар болсо, анда биз өкмөткө насыяларды кийинкиге калтыруу боюнча сунуштарды беребиз” – деп кошумчалады Эркинбек Чодуев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 41 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: