Menu

Сузакта эрте никеге туруунун терс жагдайлары түшүндүрүлүүдө

Бөлүшүү:

Сузак РИИБи тарабынан район аймагында «Өспүрүм балдардын укугун коргойбуз – эрте никеге жол бербейбиз» аталышындагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Иш-чарага райондук балдарды коргоо бөлүмү, айыл башчылары, имамдар жана саламаттыкты сактоо мекемелери да катышып жергиликтүү элге маалымат беришүүдө.

Милиция кызматкерлери учурдагы кырдаалга байланыштуу чакан форматта район тургундары менен сүйлөшүлөрдү жүргүзүшүп, эрте никеге туруунун алдын алууга чакырышууда. Айыл аксакалдары, мечит кызматкерлери, аялдар жана жаштар кеңештеринин мүчөлөрү менен биргеликте коомдогу терс көрүнүштөрдү болтурбоо керектиги белгиленди. Ар бир ата-эне өз балдарынын келечегине кам көрүп, алардын кайда жана эмне иш менен алектенип жатканын тыкыр көзөмөлгө алып туруу зарылдыгы жеткирилди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 20 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: