Menu

Жерди сокур тыйынга ээлеп алгандардын жоруктары

Бөлүшүү:

Эзелтен эле алакандай жер үчүн керек болсо күч колдонуп келишкен. Бүгүнкү күндө да жер талашкандар жүздөп жүрөт соттошуп. Айрым “жер жуткучтар” түрмөгө
кесилсе деле чыккан соң кайра эле көнгөн адатын карматышат. Кимдер гана жерди ээлеп албады дейсиң? Чиновниктер, депутаттар, олигархтар, акимдер, айыл өкмөттөрү колунан келип турганда жерге сугун агытышып, ондогон гектар жерди өзүнө имерип алышты.

Жакында Сузактык (мурдагы депутат) Музаффар Исаков ушунун айынан жазага тартылды. Экс-депутат Карганбек Самаковдун да тагдыры жерден улам талкаланды.
Бирок, ал башкаларга салыштырмалуу көп пайдалуу иштерди кыргызга кайрып берүүгө жетишти. Тилекке каршы анын кылган оң иштерине кызыккан бийлик өкүлдөрү болбоду. Арийне, жер чатагы боюнча дагы далай кишилердин буту капканга чабылат. Көрсө, жерге ыйык мамиле кылуу зарылдыгы бекер жерден айтылбаптыр да. Эмнеси болсо жерге аяр мамиле жасайлы. Ансыз деле жердин түбүнө жетип койгондойбуз…

Булак:  «Ачык сөз»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: