Menu

“ЭККМК Бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 95 миллион сомдон көп акча которду”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) (мындан ары – ЭККМК) бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 95 миллион 748 миң 549 сом
өлчөмүндө акча которду, анын ичинен 85 млн. 684 миң 405 сом “Акнет” ЖЧК интернет-провайдерине карата козголгон кылмыш ишинин алкагында өндүрүлдү. Тергөө ишинин жүрүшүндө салыктык текшерүүлөрдүн натыйжалары алынган, ага ылайык укук бузуулар аныкталган. Белгилей кетүүчү нерсе, аталган компания штаттык шартта ишин улантып жатат, ЭККМКнын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттери калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтардын иштөөсүнө жана сапатына эч кандай таасир этпейт, ошентсе да мурун коомчулукта ЭККМКнын органдары аталган интернет-провайдеринин иштөөсүнө мыйзамсыз “рейдерлик” кылды жана саясий жүйөсүз кийлигишти деген сыяктуу ушактар активдүү тараган, булар коомчулукту
адаштырууга алып келген жана чындыкка туура келген эмес. Бул тууралуу КРӨгө караштуу ЭККМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы убакта ЭККМК тарабынан кылмыш ишин толук, ар тараптуу жана объективдүү иликтөөгө багытталган бардык зарыл болгон тергөө иштери жүрүп жатат.

Бүгүнкү күндө, ЭККМК тарабынан Бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акча каражаттарынын жалпы суммасы 370 миллион 687 миң 965 сомду түздү.

Бул которуу “Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы
№ 298 токтомун аткаруу үчүн ишке ашты.

Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматта “Кыргыз Республикасынын Сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы
күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун Өлкөнүн ички экономикалык коопсуздугун камсыздоого, экономикалык жана кызматтык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган
тезистерин ишке ашыруу боюнча тиийштүү чараларды көрүү уланып жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: